Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

АКШ ИРАКТАГЫ ЖЫЙЫНГА КАТЫШАТ


Вашингтон жана Багдад Ирактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча марттагы эл аралык жыйынга Сирия менен Иранды чакырууну чечишти. Бул тууралуу шейшемби күнү сенаттагы комитеттердин биринде АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс билдирди.

Мамлекеттик катчынын бул билдирмеси Вашингтон администрациясынын саясатындагы айрым өзгөрүштөрдү көрсөтөт. Ирактын келечегине байланыштуу сүйлөшүүлөргө Дамаск менен Тегеранды катыштыруу тууралуу конгресстин айрым мүчөлөрү менен көз карандысыз комиссиянын сунушун буга чейин президент Буш четке кагып келген эле.

Кондолиза Райс конференцияга Сирия менен Иранды чакырууга Ирак өкмөтү демилгечи болгонун бышыктады. Премьер-министр Малики Ирактагы иштердин ийгилиги коңшулардын колдоосун талап кыларына ишенет,президент Буш жана мен буга макул болдук, деп айтты Райс.

Багдаддагы конференция эки этапта өткөрүлөт. Ирак өкмөтү коңшулардын кеңири жолугушуусун адегенде ырасмий өкүлдөр деңгээлинде марттын биринчи жарымына даярдап жатат. Ага катышканы Ирактын жакын коңшулары,аймактагы өлкөлөр,бир катар уюмдар,Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү,анын ичинде Кошмо Штаттары таклипнама алышат.

Экинчи жолугушуу министрлер деңгээлинде апрелдин алгачкы жарымында болушу мүмкүн. Ага марттагы жыйынга катышкандардан тышкары индустриалдуу сегиз өлкөнүн өкүлдөрү кошулушу ыктымал. Ирак өкмөтү бу жыйындарга өзүнүн бардык коңшу-колоңдорун,анын ичинде Сирия менен Иранды да чакырып жатканын Райс атайын баса белгилеп көрсөттү.

Лондондо бул кабарды кубаттап, Британиянын тышкы иштер министрлиги Багдаддагы жолугушуулардын ийгилигин камсыз кылганга ар тараптан көмөктөшкөнгө сөз берди. Сирия бийликтери конференцияга тышкы иштер министринин жардамчысын жөнөтө турганын айтышты. Ал эми Иран азырынча эч кандай мамилесин билдире элек.

Вашингтондун 1980-жылдан бери Тегеран менен дипломатиялык алакасы жок. Акыркы апталарда АКШ Иранды ирак козголоңчуларына курал-жарак,ок-дүрмөт жактан колдоо көрсөтүп жатканы үчүн айыптай баштады. Мындан тышкары Ирандын атомдук программасына байланыштуу да эки тараптын талаш-тартышы кайра жана элек.

Вашингтон өкүлдөрү конференция идеясын “америкалык жана ирак бийликтеринин дипломатиялык жаңы демилгеси” деп аташты, бирок жыйын маалында АКШнын делегациясы не Ирандын,не Сириянын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөнгө ниети жоктугун да ырасташты.

XS
SM
MD
LG