Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

2015-ЖЫЛЫ ИРАН КОСМОСКО КОНТИНЕНТТЕР АРАЛЫК РАКЕТА УЧУРУШУ ЫКТЫМАЛ


Иран өткөн жекшембиде учурган алгачкы ракетасын космосту изилдөөдө жетишкен чоң йгилиги катары сыпаттоодо. Бирок тынчтык максаттарды жүргүзүлүп жатат делинген бул изилдөөөнү АКШ Ирандын аскердик максаттарын жашыруу үчүн гана жасалган аракет деп эсептейт. Бул талаштуу маселелердин айланасында өз кабарчыбыз Чарльз Рекнагель Стокгольмдогу Эл Аралык Тынчтык Институтунун эксперти Шэннон Кайл менен маектешкен эле. Төмөндө маектин урунттуу жерлери.

Жекшемби күнү Иран кандай үлгүдөгү ракетасын учурду, ал ракета орто алыстыкка учуучу кадимки Шехаб-3 деген ракетадан эмне айырмачылыгы бар, деген суроого эксперт буларды айтты:

-Ирандын эмне учурганы жөнүндө ар түрдүү пикирлер бар. Иран телевидениеси адегенде берген маалыматында Иран орбитага спутник жеткирүүгө аракет жасады, деп билдирилген эле, бирок өлкөнүн космостук агенттиги бул маалыматты тез эле төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, ракета жер атмосферасынын катмарын изилдөө максаты менен учурулуп, 100 километрден ашык бийиктикке көтөрүлдү. Иран суйук отун менен иштеген бир баскычтуу ракетаны учурган шекилденет,- деп айтты Кайл.

Эксперттин көз карашында, өткөрүлгөн сыноо жөнөкөйлүгү менен айырмаланат, анда орбитага кандайдыр аппаратты жайгаштырууга аракет жасалган жок. Ошентсе да Иран мындай сыноолордун арты менен бир күнү орбитага өзүнүн спутнигин учурууну көздөйт. Бирок азыркыга чейин ал орус ракетасынын үлгүсү менен жасалган спутнигин гана орбитага алып чыга алды, ал 2005- жылы учурулган деп кошумчалады эксперт.

Эксперт Шэннон Кайл акыркы убакта Иран орто алыстыкка учуучу "Шехаб" ракетасынын негизинде көп баскычтуу космостук ракета чыгарууга даярданып жатканын жана андай болсо Иран максатына карай жылыш жасай ала тургандыгын айтты.

Америкалык жетекчиликтин айтымында, Иран космостук изилдөө жүргүзүүнүн арты менен алыска учуучу ракеталарды жасап чыгарып, ал тургай континенттер аралык баллистикалык ракета чыгарууну көздөөдө. Жекшемби күнкү окуя Иранды бул максатка жакындатыбы деген суроого Кайл буларды айтты:

-Континенттер аралык ракета 5,5 миң километрден ашык аралыкка учуусу керек. Иран андай ракетаны жакын арада жасай албайт, бирок АКШнын чалгындоо кызматы 2012-2015- жылдарда Иран андай ракетаны чыгарышы мүмкүн деп божомолойт.

Эксперт ошондой эле ракетанын учурулушу Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан өзөктүк програмасын токтотуу үчүн Иранга берилген 60 күндүк мөөнөт соңуна чыккан учурга туш келгенин белгилеп, ракетанын учурулушу ирандыктар үчүн саясий символдук мааниге ээ экенин, ирандыктан космостук изилдөө тармагында жана айрыкча өзөктүк изилдөөлөрдө жетишкен ийгилигине абдан сыймыктанып жатканын эстен чыгарбоо керек деп баса көрсөттү.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG