Массалык маалымат айдыңында мына ушундай аталыштагы жаңы «Де-Факто» деген гезит пайда болду. Азырынча 5 миң нускада 16 бет менен жарык көргөн гезит окурмандарына саламдашып жатып, тапанданган, бирөөлөргө ыгы жок асылган, ашкере какшыкчыл журналистиканын заманы өткөнүн эскертип, гезит такай кыргыз жана орус тилдеринде чыгуу менен профессионал экономист, финансист, саясат таануучулардын жана башка тармак адистеринин макалалары, баяндамалары, ой толгоолору байма-бай жарыяланып турарын айтат. Маселен «Де-фактоунун» бүгүнкү санында Максат Бутаев аттуу автордун «Кыргыз алтын кени: анын канчасы сатылды, канчасы ташылды?», Юстиция министри Марат Кайыповдун жалгыз аял менен жашагысы келген эркектерди талкууга чакырган «Денесин сатып көчөдө жүргөнчө экинчи аял болуп олтурсун», саясат таануучу Тамерлан Ибраимовдун «Политическая ситуация в Кыргызстане: возможные варианты в Кыргызстане» аттуу макалалары басылды. Коомдук ишмер Базарбай Мамбетов «Кыргыз элинин трагедиясына айланган «Кумтөр» жана мамлекеттик казынасы жок өлкө» деп атлган макаласында, орус бийлиги Ельцин кеткенден кийин 3-4 жыл ичинде эле экономикасын ордуна коюп, казынага салык төлөбөй келген ишканаларын жаап, карыздарын эсептеп туруп кустуруп алганын, ал эми Кыргызстанда А.Акаев убагындагы коррупция ого бетер гүлдөп, эски система мамлекетти ого бетер жардан ылдый сүйрөп баратканын баяндаса, дагы бир коомдук ишмер Амангелди Муралиев, Бакиевдин башкы кемчилиги- кландык системанын барымтасында калган адам экендигин айткан,
«Лица» гезити кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аталган кадимки Рысбек Акматбаевдан 2006-жылдын 11-майында алган көлөмдүү интервьюсун көптөгөн окурмандарынын өтүнүчү менен кайрадан жарыялады.
«Айкын» гезитине курган маегинде экс-президент А.Акаевдин ишенимдүү кишилеринин бири, «Кут» партиясынын лидери Болот Жанузаков, Кыргызстан элинин мойнунда илинип турган 2 миллиард доллардын жөн эле талаага кетпегенин, каражат эгемен Кыргызстандын пайдубалын түптөөгө жумшалганын, ал каражатты А.Акаев эмес, Кыргыз мамлекети алгандыгын айтат.
«Апта» гезити Кулов башында турган фронт саясатка кандай өзгөрүүлөрдү апкелет деп ойлойсуз, деп суроо салганда, саясат таануучу Бегиш Ааматов, бийлик да, парламент да кетиши керектигин, анткени экөө тең бийликти зордук-зомбулук менен тартып алгандар экенин, «Алас» гезитинин саясый баяндамачысы Капар Токтошев, фронттун түзүлгөнүнүн өзү эле өзгөрүү болуп саналарын, элдик революцияны коргоо кыймылынын төрагасы Болот Айдаров, эми ар түрдүү саясый партиялардын, коомдук уюмдардын башын бириктирүү зарылдыгын, антпесе 24- марттан кийинки революцияга окшоп эл үмүтү акталбай кала берерин айтып жооп беришкен.
«Айкын» гезити аты дүйнөгө белгилүү композитор Муратбек Бегалиевдин талантынын дагы бир булагы көз жарганын, атактуу музыкант өткөн жылдан тартып күтүүсүз эле ыр жазып баштаганын маалымдап келип, автордун бир нече ырлары менен гезит окурмандарын тааныштырган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Прага