Ирак өкмөтү өлкөнүн коопсуздук маселелерине арналган эл аралык конференцияга АКШ менен бирге Иран жана Сирия катышууга макулдугун бергенин тастыктады. Ирандын баш катчысы Али Ларижани ырасмий Тегеран чакырууну караштырып жатканын айтты. Вашингтон буга чейин Иран менен Сирияны конференциянын катышуучуларынын тизмесине кошууга каршы болуп жаткан.