Дастан Сарыгулов «Азаттыкка» айткан сөзүндө бийликтин бийик бутагындагы коррупция фактысы жөнүндө кеп болуп жаткандан кийин мыйзам боюнча Башкы прокуратура кылмыш иш козгоого милдеттүү экенин белгиледи. Анын айтымында, коррупция фактысы боюнча тергөө болушу кажет, тергөө учурунда Д.Үсөнов убактылуу кызматтан четтетилиш керек. Дастан Сарыгулов ушундай маселе менен президентке кайрылып жатканын билдирди. Ал ошондой эле бул ишти дыкат иликтөө үчүн курамына депутаттар, коомдук ишмерлер кирген коомдук комиссия түзүүнү президентке сунуш кылды. «Берген адам да, алган адам да айыпка жыгылыш керек. Бул иш Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келтирет», - деп баса белгиледи Дастан Сарыгулов «Азаттыкка». Мурдагы премьер-министр Ф. Кулов Дело№ гезитине берген интервьюсунда Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер кызматына жетиш үчүн 300 миң доллар пара бергенин өзү айтканын билдирген болчу. Данияр Үсөнов бул айыптоо боюнча кайрылып жооп айта элек. (KCh)
11:48 Д.Сарыгулов : Данияр Үсөновдун пара берген фактысы боюнча кылмыш иш козголууга тийиш