Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

14:30 Кочкордук жубайлар акыйкаттык издеп “Акүйгө” чыгышты


Кочкор районунун Семиз бел айылынын тургундары, жубайларТемирбек Эсеналиев менен Дүйшөгүл Бектурова Кочкор райондук сотунун чечимине жана ал чечимди аткаруучулардын иш аракеттерине нааразы болушуп бүгүн Бишкекке акыйкаттык издеп чыгышты. Бул тууралуу Кочкордогу адам укуктары боюнча комитеттин мүчөсү Чынара Тургуналиева билдирди. Анын айтымында, райондук сот Эсеналиевдер менчиктештирип жашап жаткан бала бакчадан чыгарылсын деп чечим чыгарып, 28-февралда соттун чечимин аткаруучулар оокат, мүлкүн, үйбүлө мүчөлөрүн сыртка чыгарып салышкан. Жубайлар сот мыйзамды бузуу менен чечим чыгарганын, укуктары тебеленгенин айтышып, жогорку бийлик органдарына кайрылышмакчы. “Эгерде бийлик бул маселени акыйкат, калыс чечип бербесе Эсеналиевдер “Акүйдүн” алдында өздөрүн өрттөөрүн билдиришти”,- дейт Тургуналиева. (AJ)

XS
SM
MD
LG