Бул тууралуу өкмөт башчы Азим Исабеков Эл аралык валюта корунун миссия башчысы Пауло Нойхаус менен жолугушууда билдирди. Ал эми Нойхаус Кыргызстан HPIC программасына кирүү же кирбөө өзүнүн иши экенин белгилеп, тышкы карыздарды жоюу үчүн кандай иш аракеттер көрүлөөрүнө кызыкты. Премьер-министр карыздардан кутулуу багытында ар бир министрлик программалардын үстүндө иштеп, карыздарды кечүү боюнча донор өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. (AJ)