Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

20:00 Жергиликтүү бийликке нааразы Кочкорлук үйбүлө өздөрүн өрттөгөнгө даяр экендигин билдиришти


Кочкор районунун Семизбел айылынын тургундары Темирбек Эсеналиев менен анын жубайы Дүйшөбүбү Бектурова, алардын укуктары жергиликтүү бийлик тарабынан одоно бузулуп жатканына байланыштуу өздөрүн өрттөөгө даяр экендиктерин “Азаттыкка” билдиришти. Т.Эсеналиевдин ырасташынча, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү анын менчик үйүн тартып алып, өздөрүн жаш балдарга сабатышкан. Бул маселе менен жеринен таанышып кайткан укук коргоочу Чынара Тургунованын айтымында, бир катар мыйзам бузуу фактылары бар экендиги анык. Аталган үйбүлө эртең саат 10:00дө акүйдүн алдында нааразычылык акциясына чыгышмакчы. Алар менен бирге Кочкорго жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын туура эмес таратылып жатканына нааразы болгон адамдар келишкен.(IJz)

XS
SM
MD
LG