Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

ТЕМИР ЖОЛЧУЛАРДЫН НААРАЗЫЛЫГЫ УЛАНУУДА


Кыргызстандын темир жол тармагында коррупция өсүп атат. Ушундай билдирүү менен чыккан темир жолчулардын кесиптик кошуунунун төрагасы Эрнис Докенов бул тармакты тажрыйбасыз, иш көзүн билбеген адамдар жетектеп турганын айтты. Кесиптик кошуундун мүчөлөрү “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги тарабынан Эмгек Кодекси бузулуп жаткандыгына байланыштуу нааразылыгын билдиришүүдө. Ал эми “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы мындай дооматтарды негизсиз деп бул жерде Докенов өзүнүн кызыкчылыгын көздөп жатат деп билдирди.

Темир жолчулардын кесиптик кошуунунун төрагасы Эрнис Докеновдун айтымында, темир жолдун учурдагы жетекчилиги жакпаган адистерди алып салуу үчүн ар кандай куйтулук иштерди жүргүзүп жатат:

“Жакпаган адистерди кызматтан алып салууга аркеттерди жасап жатышат. Мисалы мөөнөтсүз болгон эмгек келишимдери бир жылга эле түзүп жатышат. Муну мен “жумуштан кетирүү аракети” деп баалайт элем. Ошондой эле административдик кысым болуп атат. Бир нече мүнөткө кечигип калсаң, ошону кылмыш көрүшөт. Ал эми чыныгы одоно тартип бузууларга көз жумулуп атат. Кубат жана байланыш менен камсыз кылуу филиалынын жетекчисинин милдетин аткаруучу А. Голубев өзүнүн кызмат ордунан пайдаланып, өзүм билемдик кылып, штаттык расписаниени бузуп, адистерге айлыкка кошумча берилчү акчаны бербей койду”.

Эрнис Докеновдун айтымында, “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Нариман Түлеев ушундай терс көрүнүштөргө көз жумуп, кайдыгерлик мамиле жасап келатат. Бул тармакта кадр саясаты жердешчилик, тууганчылыктын негизинде жүргүзүлүүдө, дейт Эрнис Докенов.

“Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишкана менен кесиптик кошуундун ортосундагы карама-каршылыктан улам, бир жыл мурун эки тарап социалдык өнөктөштүк түзгөн. Жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалынын кызматкери Ремелис Султаналиев бул документте белгиленген милдеттенмелер учурдагы жетекчилик тараптан аткрылбай келатат деп нааразылыгын билдирди:

“Нариман Түлеев айлыгыбызды эки жүз долларга чейин көтөрөм деп убада кылган, көтөргөн жок. Премиябызды кесип салды, темир жолчуларга атайын кийим болот, жаңы вагондор келет деген. Мына бир жылдан ашты, анын эч нерсеси жок. Бул тармакта коррупция баягыдай эле өсүп атат”.

Темир жолдогу мына ушундай терс көрүнүштөр боюнча кесиптик кошуун бир нече ирет президентке, Жогорку Кеңешке жана тиешелүү органдарга кайрылган. Бирок бийлик өкүлдөрүнөн алар бир да жооп алышкан эмес. Ал эми сотко кайрылуудан алар баш тартышууда. Алар учурда сотко ишени артпай турушкандыгын белгилешти.

Ал эми “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишкананын маалымат-катчысы Оксана Фелюк кесиптик кошуундун мындай дооматтары негизсиз экенин айтты:

“Бул - массалык маалымат каражаттарында кызуу талкуулай турган маселе деле эмес. Мындай маселелер жамааттын ичинде чечилиши керек. Бул жерде Докеновдун кызыкчылыгы болуп жатат деп ойлойм. Анткени, алар кесиптик кошуунга көбүрөөк адамдарды тартышы керек, канчалык көп адам болсо ошончо мүчөлүк акы көп болот”.

Айрым талдоочулардын пикиринде, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен кесиптик кошуундун пикир келишпестиги жалпы жамааттын бөлүнүп-жарылуусуна жана темиржолчулардын нааразылык толкунуна алып келиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG