Бул арада эл аралык эксперттер өлкөдөгү экономикалык абал менен таанышып чыгышмакчы. Аларды ошондой эле ХИПКтен баш тарткан кыргыз өкмөтүнүн кырдаалдан чыгуунун кандай жолдорун издеп жатканы да кызыктырууда. Миссия башчысы Паоло Нойхаус кечээ өкмөт башчы Азим Исабеков менен жолугушкан. Бул иш сапардын алкагында ал өлкө президенти жана Улуттук банктын төрагасы менен да жолугушаары күтүлүүдө.(SM)