Вашингтон жана Москва ракетадан коргонуу системасы жана өзөктүк курал боюнча макулдашууларды талкулоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жандандырыш керек. Бул тууралуу АКШнын Орусиядагы элчиси Уильям Бёрнс билдирди. Акыркы айларда Иракка жана ракетадан коргонуу системасына байланышкан маселелерде пайда болгон өз ара түшүнбөстүктөрдү жойуу зарыл деп кошумчалады элчи Бёрнс.