Бул туурасында “Замандаш” Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын бирикмесинин төрагасы Жума Абдуллаев Азаттыкка маалымдады. Орус базар кожоюндары аймакта жасалган жеңил өнөр жай продукциялары менен жакындан таанышып, келечекте ал базарларда Кыргызстанда тигилген кийим-кечелерди сатуу боюнча келишимдер түзүлмөкчү. “Мода өнөр жайы” көргөзмөсү 4-8- март күндөрү өтөт. (EBM)