Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

15:17 Кыргызстандын тышкы карызы HIPC эмес, MDRI программасы аркылуу кечирилиши ыктымал


Тышкы карызды HIPC программасы эмес, MDRI программасы аркылуу кечип коюу сунушун каржы министри Акылбек Жапаров эл аралык валюта корунун миссия жетекчиси Паоло Нойхаус менен жолугушуу маалында билдирди. Каржы министрлигинин басма сөз катчысы Аида Мамбеткулованын айтымында, эл аралык валюта корунун миссия жетекчиси жаңы сунушту карап чыгыша тургандыгын ырастады.
Көп тараптуу тышкы карыздардын MDRI программасы боюнча жарды өлкөнүн тышкы карызы эч кандай шарт-талаптарсыз кечирилет. Бирок ички дүң продукт көлөмүн киши башына эсептей келгенде күнүнө бир долларга жетпеши керек. Мындай мүмкүнчүлүктү постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Тажикстан гана пайдаланган.

XS
SM
MD
LG