Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:17

ИВАНОВДУН ЖЕСИРИНИН ДОО АРЫЗЫ СОТТО КАРАЛДЫ


Өткөн жылы “Манастагы” АКШнын аскер базасында америкалык аскердин колунан каза болгон Александр Ивановдун жесиринин доо арызын Биринчи май райондук соту карай баштады. Марина Иванова жолдошу мурда иштеген Airkraft Petrol Management компаниясын айып пул (кун акы) төлөп берүүсүн талап кылып аталган фирманы сотко берген. Адвокат Галина Скрипкинанын айтымында, бул окуяга байланыштуу Иванова АКШ өкмөтүнө моралдык зыян келтиргендиги үчүн айып пул төлөп берүү боюнча кайрылган. Бирок ал тараптан алигиче жооп боло элек.

Биринчи май райондук сотунда Александр Ивановдун жесири Марина Иванованын доо арызы боюнча судья Мадина Давлетбаева иш алып барды. Сот жабырлануучу тарап менен баарлашып, бул ишке байланыштуу документтерди толукташ керектигин белгиледи.

-Бул ишти толук кандуу караш үчүн дагы кандай документтер керек экендигин тактадык. Жооп берүүчү тарап маркум Ивановдун эмгек маянасы, жөлөк пул тууралуу жана башка документтерди 20-мартка чейин сотко алып келиши керек. Сот ишти 20-мартта саат экиде уланта турган болду,-деди Иванованын адвокаты Галина Скрипкина.

Сот иши башталганга чейин Airkraft Petrol Management компаниясынын адвокаты Саламат Нурманбетова Марина Иванова жана анын адвокаты менен сүйлөшүп, бул маселени ич ара чечип, элдешип алууну сунуштаган эле. Адвокат Скрипкина бул ишти мүмкүн аталган фирма менен өз ара макулдашып, тынч бүтүрүүгө барышарын, бирок фирма менен сүйлөшүүлөр улантыла берерин билдирди. Азырынча Иванова фирмадан канча өлчөмдө кун акы төлөтүп алуу жөнүндө оюн билдирген жок. Ал эми фирманын адвокаты Саламат Нурманбетова болсо бул ишти сотсуз эле ич ара сүйлөшүп, бир пикирге келишип бүтүрүүгө болоорун белгиледи.

Адвокат Галина Скрипкина Ивановдун жесири АКШ тараптан да моралдык зыян тарткандыгы үчүн айып пул өндүрүп алуу үчүн 19-январда доо арыз жолдогонун, бирок алигиче Америка тараптан жооп болбогонун айтты.

-Азырынча АКШ тараптан эч кандай жооп жок. Балким, 6-марттан кийин өз ойлорун билдиришер. Анткени 6-мартта биздин укук коргоо органдары тарабынан тергеп-иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы чыгарылып, Закари Хэтфилдге карата сырттан айып тагылат,- деди Галина Скрипкина.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, укук коргоо органдарынын иликтеп-тергөө иштери бүткөндөн кийин АКШнын элчилиги Иванованын доо арызына расмий жооп кайтарат. Ал эми бул окуя боюнча учурда «Манас» авиабазасы иш алып барууда.

Президент алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын башчысы Турсунбек Акун болсо Ивановдун жесирине АКШ тарап айып пул төлөп бериши керек деген пикирде.

-Бул окуя боюнча АКШ өкмөтү, Америка элчилигиби же «Манастагы» авиабазабы, айтор Ивановага айып пул төлөп бериши керек. Эң жаман жери, Американын аскерлери, офицерлери Кыргызстанда кол тийгиз болуп аткандыгы. Бул боюнча биздин парламент туура эмес мыйзам алып бекиткенинде болуп жатат кептин баары. Чет мамлекеттин аскер кызматкерлери Кыргызстандын аймагында жүрүп, кылмыш кылса, биздин жарандарга залакасы тийип өлтүрсө, анда алар биздин мыйзам боюнча, биздин кылмыш жаза Кодекси боюнча жоопко тартылышы керек,-деди Турсунбек Акун.

Ички иштер министрлигинин тергеп-иликтөө башкармалыгы Александар Ивановдун өлүмүнө байланыштуу окуяны иликтөө иштери жүрүп жатканын, жакында жыйынтыгы чыгарылгандан кийин толук маалымат беришерин кабарлашты.

Александар Иванов өткөн жылы 6-декабрда «Манас» аскерий базада иш убагында америкалык жоокер Закари Хэтфилддин огунан каза тапкан.

XS
SM
MD
LG