Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

ТАМЫН ТАРТТЫРГАНДАР АКҮЙДҮН АЛДЫНДА ӨРТТӨНӨБҮЗ ДЕШТИ


Бүгүн Кочкор районунун Семизбел айылынан келген үй-бүлө алардын менчик үйүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күч менен тартып алгандыгына байланыштуу акүйдүн алдында нааразычылык акциясын өткөрүшүп, эгер маселе тез арада чечилбесе өздөрүн өрттөөгө даяр экендиктерин жарыялашты. Кочкордук укук коргоочу Чынара Тургуналиеванын ырасташынча, бул үй-бүлөгө карата бир катар укук бузуулар болуп өткөн. Эми бул ишти борбордук укук коргоо органдары иликтөөгө алмакчы.

Бүгүн эртең менен акүйдүн алдында нааразычылык акциясын өткөрүшкөн Темирбек Эсеналиев менен анын жубайы Дүйшөбүбү Бектурованын талабы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тартып алган алардын менчик үйүн тез арада артка кайтаруу болду. Алар үй ээси ким экендигин тастыктаган документтерин көргөзүшүп, бул маселе оңунан чечилбесе өздөрүн өрттөөгө даяр экендиктерин билдиришти. Семизбел айылында талашка түшкөн үйдүн ээси Темирбек Эсеналиев бул тууралуу мындай дейт:

- Мен мектепте мугалим болуп иштейм. Менин айта турган сөзүм 2007-жылдын 28-февралында менин менчик үйүмө Семизбел айыл өкмөтүнүн башчысы Айгүл Абдыкадырова тарабынан уюштурулган кол салуу болуп, үйүмдү басып алышып, үй эмеректеримдин бардыгын сыртка чыгарып салышты. Өзүмдү жана жубайымды сабап, ушундай аракеттерди жасашты. Эми бийликтен суранат элем, бул жердеги жанагыдай басмачылык, жапайычылыкты уюштурган адамдарды жоопко тартсын.

Ошондой эле ал менчик үйү артка кайтарылбаса өздөрүн өрттөөгө даяр экендиктерин баса белгиледи:

- Бишкекке акыйкаттык издеп келип атабыз. Эгер акыйкаттык болбосо баарыбир буга барышыбыз керек. Кечээ деле бирөө өрттөнбөдүбү. Ошол сыяктуу болуп өрттөнүүгө барууга туура келип атат.

Окуя менен жеринде таанышкан Кочкорлук укук коргоочу Чынара Тургуналиева, бул жерде чындап мыйзам бузуу иштери бар деген ойдо:

- Мен биринчиден соттун аткаруучуларына айттым. “Эскертүү буйругу барбы, ушул үйдөн чыгасыңар деген” десем, эскертүү буйругун көрсөтө алышкан жок. Экинчиден, кыштын суук күнүндө кантип чыгарышты. Үчүнчүдөн, ошол жерде оокаттарынын бардыгын басмачылык кылып тышка чыгарып салышыптыр, буларды киргизбей сыртка чыгарып коюп. Анан сабап коюшкан экен. Бул жерде адамдын укугу чындап тебеленип атат деп эсептеп атам.

Ошол Семизбел айыл өкмөтүнүн башчысы Айгүл Абдыкадырованын өзүнө байланышканыбызда, бул үй-бүлөнү ал эмес, сот аткаруучулары тышка чыгарганын айтты. Ошондой эле ал Эсеналиевдерге таандык үй мурда бала бакча болгонун, ушуга байланыштуу айыл тургундары чогулуп келип иш-чарага күбө болушканын, бирок уруп-сабоо иштери болбогонун билдирди:

- Килейген бала бакчанын имараты болчу. Андан сырткары эл дагы жыйналыш кылып, килейген бала бакчанын үйүн эки эле баш кишиге берип коёбузбу. Келгиле ушуну бала бакча кылабыз. Келиндердин бардыгы мына иштейт элек, минтет элек. Азыр деген бала бакча эмес тоок уя сала албайбыз. Ушуну бала бакча кылып берсеңер жакшы болот эле дегендей кайрылууларын мага айтып келишкен.

Бул үйгө байланыштуу алып-сатуу иштери кандай жүргөндүгүн жана учурдагы үй ээси ким экендигин, Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды жоюу агенттигинин адиси Каныкей Собурова мындайча түшүндүрдү:

- Негизи бул бала бакчанын имараты Кочкор совхозуна таандык болгон. Алар Агропромбанкка 473 миң сом карыз болчу. Ошол карызды өндүрүү боюнча биз сотко бергенбиз. Соттун негизинде алар бала бакчаны бизге өткөрүп беришкен. Ал бала бакчаны биз аукциондон сатканбыз. Бул кишилер ошого катышып, Бектурованын атына жаздырып, мыйзамдын негизинде аукцион боюнча 55 миң сомго сатып алышкан. Азыр мыйзам боюнча бул үй Бектурова менен Эсеналиевдики.

Эми бул ишти Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун териштирип, тиешелүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүшмөкчү. Ал эми нааразы болгондор дүйшөмбү күнгө чейин маселе чечилбесе өздөрүн өрттөй турганын айтышууда.

Сүрөттө: Темирбек Эсеналиев менен анын жубайы Дүйшөбүбү Бектурова

XS
SM
MD
LG