11-мартта Санкт-Петербургда шаар кеңешине шайлоо өткөрүлөт жана "Башка Россия" деп аталган оппозициялык уюм кечээ күнү шайлоочуларга кайрылып, добуш берүү учурунда шайлоо бюллетендерин жараксыз кылып салууга чакырды. Шаар бийлиги шайлоого "Яблоко" партиясын катыштырбай койгон жана оппозициянын айтымында, эгер алар Петербургдагы шайлоону буза алса, ошондой эле ыкманы декабрда өтө турган парламенттик шайлоо учурунда дагы колдонот.