Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Иран боюнча Бириккен Улуттардын жаңы резолюциясы даярдалууда


Франциянын тышкы иштер министри Филип Дуст-Блази кечээ күнү билдиргенге караганда, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү жана Алмания - Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү тууралуу жаңы резолюция боюнча бир пикирге келди. Аталган алты мамлекеттин өкүлдөрү ал тууралуу 1-март күнү телефон аркылуу макулдашты. Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө болуп АКШ, Британия, Кытай, Орусия жана Франция кирет. Биринчи резолюция декабрда кабыл алынган жана анда - эки айдын ичинде Иран өз изилдөөлөрүн токтотуш керек деп айтылган, бирок Тегеран ага баш ийген жок.

XS
SM
MD
LG