Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

12:47 Кыргыз өкмөтү чет элдиктерди базарларда соода кылуудан четтетүүгө коюлган мөөнөттү узартты


Өкмөт базарлардагы чет элдиктерге жыл аягына чейин тийбей турган болду. Аларга базарда соода кылууга тыюу салуу жаңы жылдан гана ишке ашырылат. Чет элдиктерди базарлардан сүрүп чыгаруудан мурда бул кадамдын соода алакаларга тийгизген таасирин эсептеп чыгуу керек деген бүтүмгө келди кыргыз өкмөтү. Өзгөчө Кытай бийликтери менен тыгыз иштөө зарылдыгы белгиленди. Январда өкмөт өлкөнүн ички эмгек рыногун коргоо, атамекендик ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында базарларда соода кылган чет өлкөлүктөрдүн санын беш миңге чейин кыскартуу чечимин кабыл алган. Бул чаралар үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирмек. (JTo)

XS
SM
MD
LG