Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:20

13:25 Жалалабаттын “Сакалды” чек-ара пунктунда кыргызстандык чек-арачылар менен Өзбекстандын жарандары ортосунда чатак болду


Чек-ара кызматынан маалымдашкандай, Өзбекстандын Пахтаабад районунун Авушка айыл-кыштагынын төрт тургунунда тиешелүү документтер жок болгондуктан, чек-арачылар аларды Кыргызстандын аймагына киргизбей койгон. Өз кезегинде алар кыштактан элүүгө жакын адам чогултуп келип, чек-арачыларды коркутуп-үркүтүп, аларды документсиз эле чек-арадан өткөрүүнү талап кылышкан. Кыштак тургундары чек-ара пунктун таш менен ыргытып, пункттун терезелерин сындырышкан. Кыргыз чек-арачылары эскертүү катары ок чыгарганда гана кол салгандар артка тартышкан. Учурда Жалалабаттын чек-ара кызматкерлери Ноокен райондук ички иштер бөлүмү менен бирдикте чатакты иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

XS
SM
MD
LG