Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

"Жашыл мурас" долбоорун ишке ашыруу үчүн атайын эсеп ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Жашыл мурас" улуттук кампаниясын ишке ашыруу үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын эсеби ачылды.

Бул тууралуу Финансы министрлиги бүгүн, 7-майда кабарлады. Эсеп долбоорду ишке ашыруу үчүн сүрөөнчүлөрдөн түшүүчү жана грант каражаттарды топтоо зарылдыгын эске алуу менен ачылганы белгиленген. Финансы министрлиги жарандарды, мамлекеттик органдарды, коомдук уюмдарды, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү "Жашыл мурас" улуттук кампаниясына активдүү катышууга чакырган.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 12-мартта Кыргызстандагы "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын" алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган.

Буга чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев бак-дарак отургузуу боюнча “Жашыл мурас” демилгеси быйыл да уланарын, мунун алкагында 10 миллиондой түп көчөт отургузуу пландалып жатканын айткан.

Долбоор алкагында 2022-жылы өлкө боюнча 8,5 млн, былтыр 7,5 млн түп көчөт отургузулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG