Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51

Үч айда мамлекеттик карызды төлөөгө 13,1 млрд сом жумшалды


АКШнын валютасы - доллар жана Кыргызстандын валютасы - сом. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын валютасы - доллар жана Кыргызстандын валютасы - сом. Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 13 млрд 167,0 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында кабарланды.

Мунун ичинен 8,6 млрд сом тышкы карыз үчүн, 4,5 млрд сом ички карыз үчүн кетти.

2023-жылы мамлекеттик карызды төлөө үчүн бюджеттен жалпы 53 млрд сом бөлүнгөн. Анын 31,5 млрд сому тышкы карызды, 21,5 млрд сом ички карызды тейлөөгө жумшалган.

2024-жылдын январынын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 270,50 млн долларга жеткен. Муну сомго чакканда 560 млрд сомду түзөт. Сумманын 4,6 млрд доллары тышкы карыз, 1,6 млрд доллары ички карыз.

Президент Садыр Жапаров былтыр “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстан мамлекеттик карызды жабуунун суммасы жогорку чекке жеткенин айтып, аны тейлөө үчүн 2024-жылы 64,7 млрд сом, 2025-жылы 75,1 млрд сом каралганын билдирген.

Быйыл апрелде берген интервьюсунда Садыр Жапаров тышкы карыз боюнча маалымат берип, "түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбеген жарандарыбыз тышкы карыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн, мындан ары ага көңүл бурбайбыз" деген пикирин айткан. Ал анда тышкы карызды "2035-жылга чейин өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болуп турса Кыргызстан кыйналбай төлөйт" деп кеп кылган. "Ошондуктан тышкы карызыбыз 10-15 млрд долларга чыкса дагы эч кам санабай эле олтура берсеңиздер болот", – деген Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG