Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 20:14

14:26 Данияр Үсөнов кызматка бекиш үчүн парламентке 300 миң доллар берген-бербегенин парламентте талкуулоонун зарылдыгы жок


Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, кызматтан кеткенден кийин, үч кишинин ортосунда болгон ушундай сөздү сыртка чыгарыш- салмактуу саясатчыга жарашпайт. “Акча берилсе берилгендир, аны иш бүткөндөн кийин далилдеш кыйын. Мага мындай сөздөр жакпайт. Мен мындай маселени талкуулоого катышкым келбейт”, дейт депутат. Бул маселе 5-мартта парламентте козголушу ыктымал. Депутат Азимбек Бекназаров дүйшөмбү күнү парламентке Данияр Үсөновду чакырып, Куловдун сөзү боюнча жооп алууга аракет жасаарын билдирген. Дело № гезитинин 28-февралдагы санында экс-премьер-министр Феликс Кулов учурдагы биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов кызмат ордун 300 миң долларга сатып алган, деп билдирген.

XS
SM
MD
LG