Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 08:05

МЕНЧИКТЕРДИ КҮЧ МЕНЕН ТАРТЫП АЛУУ АРАКЕТИ КҮЧ АЛДЫБЫ?


Аманбек Жапаров,Бишкек Жума күнү кечке маал Военно-Антоновка айылынын аймагындагы “Азамат” базарынын кызматкерлерин, отузга чукул күчкө толгон жигиттер Сокулук районунун акиминин көрсөтмөсү менен келдик дешип, күч менен сүрүп чыгаруу аракетин кылышкан. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргызстан ишкерлер биримдигинин вице-президенти Эльвира Сурабалдиева билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жеке менчиктерди күч менен тартып алуу аракеттери күч алууда. Ал эми Сокулук районунун акиминин орун басары Алмазбек Абдыраманов “Азамат” базарынын ээлеринин бул аракеттерин чагым катары эсептейт.

«Азамат» автобазарын белгисиз адамдар күч менен тартып алуу аракеттерин көрүүдө, деп билдирди маркум депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы Эльвира Сурабалдиева. Анын айтымында, мындан бир жарым жыл мурда атасы Жыргалбек Сурабалдиев белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөндөн кийин, алардын бизнесине тийишкендер көбөйдү. Автобазарга кошумча жер участогун алуу максатында Чүй облусунун губернаторуна, Сокулук районунун акимчилигине, Военно-Антоновка айыл өкмөтүнө бир нече ирет кайрылышканы менен алардын суроо-талабы жоопсуз калган. Кийинки кездери белгисиз адамдар «Азамат» автобазарына кысым көрсөтө баштаган. Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында жыйырмага чукул белгисиз жигиттер автобазарга келип, күч менен үстөмдүк кылуу аракетин көрүшкөн. Алардын мыйзамсыз аракеттери тууралуу Коопсуздук кызматына, Ички иштер министрлигине кайрылышканда, укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Жума күнү кечинде белгисиз отуздай жигит автобазардын кире беришинде авто унаа токтоочу жайды тосушуп, айдоочулардан 80 сомдон ижара акысын алышып, ыңгайсыз жагдай түзүшкөн. «Азамат» базарынын администратору Калимулла Жаманкулов мындай дейт:

- Кечки саат жетиден баштап эч кандай документтери жок, жаш, чымыр денелүү балдар Сокулук районунун акиминин көрсөтмөсү менен келдик дешип, түнкү он экиге чейин бизге кысым көрсөтүштү. Алар авто базарга кире бериш жердеги авто унаалар токтой турган жерди биз ижарага алдык дешип, келген айдоочулардан 80 сомдон акы алышып, Бишкек-Ош кан жолунун жээгинде ыңгайсыз жагдай түзүштү.

Ал эми Кыргызстан ишкерлер биримдигинин вице-президенти Эльвира Сурабалдиева, автобазарга байланыштуу маселени Сокулук районунун акими Адамкалый Чыныбаев менен «ийри отуруп,түз кеңешип» чечүүгө эч бир мүмкүчүлүк болбогонун билдирди.

- Сокулуктун акими бир жолу барганыбызда, кечирип койгула бир жака шашып баратам, деди. Экинчисинде азыр ушул жерден чогулуш болмок эле деп жолугуша албай калдык.Үчүнчү жолу чогулуштун үстүнөн чыгып калып, жолуксак «мына мен сегиз айдан бери силерди күтүп жатам, бир жолу да келип койбойсуңар»,-деди. Ал эми айрымдарга айтат экен, тигилердин колунан бир дагы жолу чай иче элекмин, деп. Ушу да акимдин сөзүбү.

Эльвира Сурабалдиева белигилегендей март окуясынан кийин жер-жерлерде менчиктерди басып алуу аракеттери күч алууда. «Кыргызстан ишкерлер биримдигине аймактардагы ишкерлер телефон чалышып, жергиликтүү бийликтен, белгисиз адамдардан кысым көрсөтүлүп жатканын кабарлашууда»,- дейт Сурабалдиева.

Ал эми Сокулук районунун акиминин орун басары Алмазбек Абдыраманов «Азамат» авто базарынын кожоюндарынын акимиатка коюп жаткан дооматында негиз жок деп эсептейт:

- Бул чагым. Болгону жума, ишемби күндөрү Бишкек-Ош жолунда ошол авто базардын тушунда транспорттор тыгылышпасын, тартипке келтирилсин деген эле нерсе. Мындан эки жыл мурда базардын мурдагы ээси Жыргалбек Сурабалдиев каза болгондон кийин анын жесири, азыр базардын ээси Мусакожоева мага тийишпегиле, тартипке келтирем деп убада берген. Андан бери жол жээгине көңүл бурулбай, ары-бери өткөн авто унааларга ыңгайсыз жагдай түзгөндүгүнөн биз жол жегиндеги автоунааларды жоопкерчилиги чектелген уюм аркылуу авто транспорт токтотуучу атайын жай уюуштуруп, ага автоунааларды киргизүүнү караштырганбыз. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу, же бирөөнүн менчигине көз артуу максаты жок.

Мурдагы «Кудайберген», азыркы «Азамат» авто базарынын мурдагы ээси, экс-депутат, маркум Жыргалбек Сурабалдиевди 2005-жылы 10-июнда белгисиз адамдар атып кетишкен. Ал каза болгондон кийин жубайы Чынара Мусахожоева «Азамат» базарын иштетип келет.

XS
SM
MD
LG