Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

ТАШКЕНТТЕН БАЙГЕ АЛГАН БАЛБАНДАР


Ташкентте эркин жана грек-рим күрөшүнөн Өзбекстандын эгемендүүлүк кубогунун эл аралык Гран-при мелдеши аяктады. Мындан кыргызстандык балбандар олжолуу кайтып келишти.

Ташкенттеги мөрөй талашууда Орусия, Грузия, Түштүк Корея, Казакстан баштаган он беш өлкөнүн тандалган эки жүздөн ашуун балбаны күч сынашты.

Грек – рим күрөшү боюнча жеңил салмакта Бишкектин «Бүркүт» спорт клубунун өкүлү Улан Темирбеков финалга чейин жетип, күмүш байгенин ээси болду. Ага баалуу сыйлык жана 2 миң доллар ыйгарылды.

60 кг. салмакта 15- Азия оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев бешинчи орунду ээледи.

66 кг салмакта да “Бүркүт” спорт клубунун өкүлү Султан Мухтаров жаштык кылып атаандаштарына алдырып койду.

Ал эми 74кг салмакта күрөшкөн 14-жана 15-Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Азия чемпиону Данияр Көбөнов үч беттешүүну утуп, баш байгеге талапкер болгон.

Даниярдын Афина олимпиадасынын чемпиону өзбекстандык Догурашвилини утуп алышы спорт адистеринин көңүлүн бурду. Бирок Данияр Көбөнов бутун кокустатып алгандыктан финалда украиналык балбан менен күрөшкөн жок. Ошентип Данияр Көбөнов турнирдин мыкты балбаны аталып, күмүш медаль тагынуу менен 2 миң доллар сыйлыктын ээси болду.

84 кг салмакта Олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны, Азия биринчилигинин жеңүүчүсү Куралбек Ордобаев ийгилик жарата албады.

96 кг. салмакта бишкектик Азат Эркинбаев Ташкенттеги эл аралык Гран-при мелдешинин коло байгесин утуп, миң долларды олжолоп келди.

Балбандарды Ташкентке баштап барып, келген өлкөнүн улук машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун айтымында мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, тажрыйба топтоонун үлгүсү болду.

Оор салмакта күрөшкө түшкөн 15 - Азия оюндарынын коло байге ээси Нурбек Ибраимов бул мелдеште ийгиликке жетпеди. Анын дале калыбына келе албай жатканы байкалып калды.

Данияр Көбөновдун айтымында быйылкы эң маанилүү мелдеши- күзүндө Азербайжандын борбору Баку шаарында өтө турган дүйнө чемпионаты. Себеби мында байгелүү орунга жеткен балбандарга 2008-жылы Пекинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылат.

Ташкентте эркин күрөш боюнча таймашууларда жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Туратбек уулу Нурлан коло медаль тагынып, миң доллар олжолоп келди.

Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаевдин айтымында эркин күрөш балбандары жаштык кылып, чеберчилиги жетишпей турат. Эми алар май айында Бишкекте өтчү Азия чемпионатына катышып, намыс талашат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG