ЕККУ, Фридрих Эберт фонду менен президенттик админстрация биргелешип уюштуруп жаткан бул жыйынга укук коргоо жана сот тармагынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттар катышмакчы. Анда аталган тармактарды реформалоо багытындагы иш-аракеттер тууралуу сөз болуп, бул маселе боюнча депутат Кубатбек Байболов баштаган топ иштеп чыккан Концепциянын долбоору да талкууланмакчы.(SM)