Кулов бириккен фронтто жаштардын ролу кандай деген суроого жооп берип жатып, азыр бөтөн жерде иштеп жаткан кыргыз жаштарынын тизмеси түзүлүп жатканын айтты. Мурунку премьер-министр кыргыз жаштары алган билиминин мекенине жумшай албагандыктан бөтөн жерде иштегенге мажбур деген оюн билдирип, өкмөт башчысы кезинде сынактык негизде дээрлик баардык бөлүмдөрдүн жетекчилигине жаштар дайындалганын кошумчалады. (EBM)