Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

18:28 Нарын облусунда эки айыл өкмөт башчысы жаңы шайланды


Акталаа районундагы Кызылбелес, Жумгал районундагы Чоңдөбө айыл өкмөт башчылары кайра шайланды. Береги айыл өкмөт башчыларынын орду мөөнөтүнөн мурда бошогондуктан кайра шайлоо 4-мартка белгиленген. Облустук шайлоо комиссиясынын катчысы Сыдык Байтоков Кызылбелес айыл өкмөт башчысын шайлоого шайлоочулардын 73 пайызы, ал эми Чоңдөбөдө 70 пайыз шайлоочулар катышканын бүгүн билдирди. Кызылбелес айыл өкмөт башчысы үчүн 3, ал эми Чоңдөбө айыл өкмөтү үчүн 2 талапкер ат салышкан.

XS
SM
MD
LG