Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:23

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бүгүн театр күйөрмандары Орусиядан келген актерлордун оюнуна күбө болушат. Тактап айтканда орус драма театрында Ольга Богданова, Людмила Чурсина жана Александр Дик аттуу орус артистери америкалык драмтург Нил Саймондун “Ашыктардын акырыкы махабаты” аттуу комедиясын тартуулашат.

Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Бири куудул бири ырчы, эл тараза эл сынчы” аттуу күлкү фестивалы өтүүдө. Фестивалга жалпысынан 13 куудул, 13 ырчы жуп болуп катышат. Байге фондусу 5500 долларды түзгөн бул күлкү майрамында көрүүчүлөргө да автоунаа ойнотулат.

Россия кинотеатрында Бекмырза Рахман уулунун чыгармасынын негизинде тартылган “Министрдин кызынын махабаты” тасмасы көрсөтүлүүдө. “Жан студиясы” тарабынан тартылган бул фильмде баңги затына байланган жаштардын турмушу, студенттик жашоо, сүйүү темасы баяндалган. Бул жолу кинокүйөрмандары тасманын эки бөлүгүн тең көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Фильм 25-мартка чейин көрсөтүлөт.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөтчүлөр музейинде Нурганыш Асанова менен кызы Мээр Акпынардын “Дил кайыр” аттуу сүрөт көргөзмөсү жүрүп жатат. Көргөзмөдө алардын элүүгө жакын сүрөттөрү жана кийизден жасалган буюмдары коюлган. Ал эми 6-мартта сүрөтчүлөр шаарчасында сүрөтчү аялдар бирикмеси тарабынан “Көктөм обондору” аттуу көргөзмө ачылат. Анда кыргыз сүрөтчү айымдарынын 8-март майрамына арнап тарткан эмгектери коюлат.

7-мартта улуттук опера жана балет театрында 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанаттуу кече өтөт. Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Малик Ракишевдин билдиргенине караганда, бул кечеге өлкө башчысы Курманбек Бакиев катышат.

Салтанаттуу кече эстрада ырчылары, балдардын чыгармачыл жамаатары жана бий топторунун концерти менен коштолот.

9-мартта кыргыз улуттук драма театрында Көчкөн Сактанов менен Төлөгөн Касымбековдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Курманжан датка” спектакли көрсөтүлөт. 10-мартта Токтоболот Абдымомуновдун “Машырбек үйлөнөт” комедиясы коюлат.

Улуттук опера жана балет театрында 9-мартта ”Айтыш коомдук кору” белгилүү төкмө акын Ашыраалы Айталиевдин 80 жылдык мааракесине арналган чыгармачылык кече өткөрөт.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG