Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 00:31

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА ЧЫР-ЧАТАКТАР ТОКТОБОЙ ЖАТАТ


3-мартта Жалалабат облусунун «Сакалды» чек ара бекетинде чегарачылар менен өзбекстандык жарандардын ортосунда жаңжал чыкты. Чыр-чатактын чыгуусуна Кыргызстанга документсиз кирмек болгон өзбекстандык беш жарандын артка кайтарылышы себеп болгон. Облустун аймагына өтө албай калган өзбекстандыктар өз айлынан 50-60 чакты адамды баштап келишип, “Сакалды” чек ара бекетин жана күзөттөгү чекарачы жоокерлерди таш-баранга алышкан. Натыйжада кыргызстандык жоокер башы менен бутунан жараат алган. Ушундай эле окуя өткөн жумада облустун «Сейдикум» чек ара бекетинде да болгон.

Облустун Шамалдуусай чек ара отрядынын командири Асылбек Уралиевден телефон аркылуу алынган маалымат боюнча «Сакалды» чек ара бекетиндеги жаңжал ишемби күнү болгон. Чекарачылар Кыргызстандын аймагына өткөрүүнү талап кылган өзбекстандык беш жаранды өткөрбөй коюшкан. Алардын баштоосу менен келген өзбекстандык 50-60 адам таш баранга алганда, чек ара күркөсүнүн шифери менен айнектери талкаланган.

Башы менен бутуна таш тийген Аменгелдиев аттуу жоокер жараат алганда чек арачылар тобунун башчысы асманга эскертүү огун чыгарууга аргасыз болгон. Ошондо гана өзбекстандыктар качууга аргасыз болушкан. Башы менен буту шишип чыккан жоокерге медициналык жардам көрсөтүлүп, ал азыр чек ара отрядында дарыланууда. Окуяны облустун улуттук коопсуздук кызматы менен Ноокен райондук ички иштер бөлүмү да изилдеп жатат, деп айтты полковник Асылбек Уралиев:

- 3-мартта саат ондон он беш мүнөт өткөндө Сакалдысай чегарасындагы Сакалды постунда Өзбекстандын беш атуулу документсиз чыгышат. Аларды биздин сержант Төрөжанов Өзбекстандын аймагына кайра кайтарат. Алар 10-15 мүнөттүн ичинде 50-60 кишини чогултуп келишет. Алар биздин аймакка өтүп постту таш менен согушуп, Амангелдиев аттуу аскердин бутуна, башына таш тийген. Жаңжалды токтотуш үчүн Төрөжанов беш жолу асманга ок аткан, ошондо гана өзбек атуулдары кайра өз аймагына кетишкен. Өзбекстандын чегарасы биздин посттон 15 метр гана алыстыкта турат. Ошолор өзүнүн атуулдарын биз жака документсиз өткөрүп жиберген. Булардын биринчи жасаган мыйзам бузуулары ушул жаңжалга алып келди. Экинчиси, чогулуп келген адамдарды токтотуп ошол жерден чечип албай, биз тарапка өткөрүп беришти. Ошолорду токтотуш үчүн эч кандай жардам көрсөтүшкөн жок. Биз жактан Ноокен районунун милициянын башчысы, полковник Мамажанов эксперттик топ менен, СНБнын башчысы Ноокен Мырзажанов, мен жактан орунбасарым барып ушул жаңжалды карашты. Алар күнөөлөрүн толугу менен өз мойнуна алып атышат. Муну уюштурган эки бала кармалып Өзбекстандын милицияларынын колунда деп айтышты.

Асылбек Уралиевдин билдиришинче, Өзбекстандын чек ара кызматы өз өлкөсүнүн жарандарын Кыргызстанга текшербей өткөрүп ийип, жаңжалдарга шарт түзүүдө.

Ушундай мүнөздөгү окуя өткөн аптада да облустун «Сейдикум» чек ара бекетинде да болгон. Чек ара отрядынын башчысы айткандай, «Сакалды» чек ара бекетиндеги жаңжалга байланыштуу өзбек тарабы чатак чыгаргандардын экөөсү кармалганын мaалымдап, жакынкы апталарда талкаланган күркөлөрдү оңдоого убада берген.

Облустагы адам укугун коргоочу «Справедливость» уюмунун өкүлү Абдымалик Шариповдун оюнда эки тарап чатакты терең изилдеп чыкпаса, чек арадагы тирешүүлөр ырбап кетүүсү ыктымал:

- Тиешелүү уюмдар ар бир жаңжалды иликтеп чыкпаса, анын арты курч окуяларга айланып кетүүсү ыктымал.

Эл аралык-франциялык «Актед» уюму Жалалабат жана Баткен облусунда чек ара жаңжалдарын болтурбоо долбоорун ишке ашырууда. Долбоор Кыргызстан үчүн гана иштегендиктен анын окууларына Сакалды айлына коңшулаш өзбекстандык айыл-кыштактардын тургундары да эгер кааласа катыша алышат, деди долбоордун облустагы координатору Эмили Деудон.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG