Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:15

ИТБЕКЕР АРЗАНГА БААЛАНГАН ИШКАНА, НААРАЗЫ БОЛГОН ЭМГЕК ЖАМААТЫ


5-мартта Ташкөмүрдөгү “Кристал” акционердик коомунун өкмөткө тийиштүү акциясы болгону 62 миллион сомго жетпеген акчага бааланып, ишкананы сот чечимин аткаруучулар сатыкка коюшту. Парламент чечими, өкмөт токтому, президент жарлыгы боюнча Өнөр жай, соода министрлигинин карамагында турган ишкана Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетине өткөрүлүшү керек болчу.

Кыргызстанга чоң киреше алып келчү ири ишкананын азыркы турган баасы 62 миллион сомго жете бербестигин Мамлекеттик каржы жана отчет көзөмөлү агенттигинин адистери аныктап чыгышкан. Ишкананын бюджет алдындагы карызы 220 миллион сомдон ашуун. Эмнеликтен бери дегенде 500 миллиондон кем эмес долларга бааланчу ишкана 65 миллион сомго сатыкка коюлганы эмдигиче табышмак.

1-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов «Кристалдын» мамлекетке тийиштүү акциялары сатыкка коюлганын өткөн ишембиде укканын 5-мартта депутаттар алдында билдирди. Заводду сатууну токтотуу жөнүндөгү президенттин буйругу да ошол эле күнү чыккан.

- Эмнеликтен минтип чатак чыгып жатканын биз иликтейбиз, жыйынтыгы менен сиздерди маалым кылабыз. Ошондон маселе парламентте талашка түшкөндөн кийин гана ага өкмөт кийлигише баштады деп ойлобоңуздар.

Өкмөт башчынын биринчи орунбасарынын алдагыдай көңүлток билдирүүсүнүн чоо-жайын депутат Болот Шерниязов башкача чечмеледи.

- Мен сизге 5-күнү чалдым го, ыя! Баарына чалдым: «Ай токтоткула мунуңарды!» деп. Урматтуу кесиптештер, бири да чара көргөн жок. Мына, үч депутат эптеп эле сатыкты өткөрбөй койгонго - баарына барганга аракет кылдык. Колубуздан келген жок. Бул көз боемочулукка баары аралашкан. А бул жерде «биз токтоттук» деп айтып жатат. Калп айтып жатасыз! Жок дегенде билип туруп айтпайсызбы!

Данияр Үсөнов: - Биринчиден мага кыйкырбаңыз! Шашпай эле сүйлөңүз. Мен угуп атам.

Болот Шерниязов парламент отуруму аяктагандан кийинки маалымат жыйынында «Кристал» акционердик коомуна айландырылган Ташкөмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводуна казакстандык «Элимай» фирмасы кантип ээлик кылуу аракетин баштаганын айтып берди.

1994-жылы Кыргызстандын өнөржай министрлиги «Опек» фирмасы менен келишим түзөт. Өзбекстандан алынчу табигый газ акысына аталган фирма дары-дармек жеткирип берүү милдетин алат. Ушул жерден талашка казакстандык «Элимай» фирмасы кошулуп, «Опек» фирмасын сотко берип казакcтандык сотто аны утуп алат.

Сот доочунун пайдасына 5 миллионго жакын акчаны төлөп берсин деген чечимин чыгарат. Иши кылып, казакстандык соттун чечимин кыргызстандык кесиптештери ырастап, жетпеген акчаны өндүрүп алуу милдети сот аткаруучуларга жүктөлөт. Кыргызстандын сот аткаруучулары оболу өкмөт күрөөгө койгон заводду 5,5 миллион сомго сатуу аракетин жасайт.

Соңунда заводдун турган туруму менен канчага баалоо керектигин өкмөт алдындагы Финансылык жана отчеттуулук агенттигинин адистери аныктамай болот. Болот Шерниязовдун ырасташынча, кыйла эле чаташкан бул иштин артында өтөле таасирдүү күчтөр турат.

- Биздин мамкаржыкөзөмөлдү Юруслан Тойчубеков тейлейт. Алар чыгарат өзүнүн токтомун. Кыргызстандын 100% акциясын 61 миллион 854 миң 160 сомго баалашат. Мынаке, ал кагаз. Мен Юруслан Тойчубековдун кандай тиешеси бар деп ойлодум.

Маалымат жыйынында Б.Шерниязов «Элимай» фирмасы мындан он жыл илгери Ю.Тойчубековго ишеним кагазын берген документтин көчүрмөсүн көрсөттү.

Парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев өзүнүн эмгек жолун мына ушул заводдон баштаган. Ал заводдун эмгек жамааты нааразылыкка чыгышканын кабарлады.

- Бул уникалдуу завод. Мындай заводду куруш үчүн азыр кеминде 1 миллиард доллар керек. Өз алдынча иштеп, чет жерден өнөктөштөр таап, келишим түзүп завод иштеп калды. Анын антип иштегенине карабастан, жакында анын директорун кызматтан алып коюшту. Жакында заводдун 25 киши Бишкекке келип бизден жардам сураган. Ошондо эле завод сатууга коюлуп жатканын айтышкан. Заводду алар өзүбүз эле иштетебиз дешкен. Бирок аларды эч ким уккан жок.

Анын кесиптеши Арзыбек Бурканов акцияларды сатуу токтолбогонун, бул чаташтуу иште соттордун да тиешеси болушу мүмкүн экендигин айтты.

- Менин билишимде бул жерде соттордун кызыкчылыгы болгонбу-болбогонбу, билбейм, 65 миллион сомго, 1 миллион 700 миң долларга сатылып кетти. Бирок да сатык өттү. Аны биз токтото албадык.

Кыргызстан экономикасына чоң киреше алып келе турган завод айтылуу PESAC программасына киргизилип, ошондон бери иши жүрүшпөгөн ишкананы сызга олтургузуп, аны арзыбаган тыйынга сатып алуу схемасы ушу тапта иштеп жатыры.

XS
SM
MD
LG