Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

КЫТАЙ ПАРЛАМЕНТИНИН СЕССИЯСЫ БАШТАЛДЫ


Пекинде парламент - эл өкүлдөрүнүн жалпы кытай жыйыны – кезектеги жылдык сессиясын өткөрүп жатат. Жыйында мамлекеттик кеңештин премьери Вэн Цзябао өлкөнүн өнүгүү багыттарын аныктаган доклад жасады. Байкоочулар бул сессияны быйыл күздө боло турган партиялык курултайдын алдындагы маанилүү окуя деп аташууда.

Мамкеңештин премьери Вэн Цзябао Кытайда экономикалык өнүгүү быйылкы жылы да сегиз проценттин деңгээлде болорун белгиледи. Ошол эле учурда ал чет элдик инвестиялар агымын,тышкы сооданын туруксуз абалын жөндөө зарылдыгына басым жасады. Байлар менен жакырлар ортосунда күч алып бараткан ажырымга кыйыр түрдө ишаара кылып, айылдык бакыр-тукурларга жардам көрсөтүү планын сунуш кылды. “Социалисттик жаңы айыл чарбасын түзүү үчүн элет экономикасын өнүктүрүүгө жана фермерлердин кирешелерин арттырууга көңүл топтолот”,- деп айтты мамкеңештин премьери.

Экономиканын, өзгөчө өнөр жайдын ыкчам өнүгүшү Кытайда бир катар проблемаларды пайда кылды. Айрыкча айлана-чөйрөнүн тазалыгы көп этибар алынбай калды. Абалды өзгөртүү үчүн өкмөт бул маселени башкы багыттардын бири деп жарыялады.Вэн айлана-чөйрөгө зыян келтирип жаткан эски өндүрүш ишканалары,электр станциялары жабыларын,ушундан улам энергияны үнөмдөө маселеси күн тартибиндеги башкы милдетке айланарын эскертти.

Мамкеңештин премьери мындан тышкары өкмөттүк айрым мекемелерде, кызматчылар арасында элдин талаптарын таңазар албаган төрөпейилдик,өз бийлигин ашепке пайдалануу,коррупция жайылып баратканына да токтолуп өттү. Өкмөттүн программасында ушул жана башка проблемаларга каршы күрөштү күчөтүүнүн чаралары каралды.

Лондондук эксперт Александр Нейлл коррупция Кытайда, өзгөчө провинцияларда мамкеңештин премьери айткандан да алда канча кеңири масштабга жетти деп эсептейт. Фермерлерге караганда байгерлердин талам-талаптарына көбүрөөк көңүл буруу жергиликтүү чиновниктерге адат болуп калды.

Жалпысынан Нейлл парламенттин азыркы сессиясын быйыл күздө боло турган кезектеги партиялык курултайды утурлаган жаңы муундагы кытай саясатчыларынын маанилүү камылгасы катары сыпаттайт. Он жетинчи партиялык курултайда келерки топтогу – бешинчи муун деп аталган – саясатчылар 2012-жылы бийликке келүү дымагын көрсөткөнгө дама кылышат, дейт Нейлл.

XS
SM
MD
LG