Бул тууралуу бүгүн БШК башчысынын милдетин аткаруучу Айчүрөк Эшимова парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Кемин шайлоо округу боюнча талапкер катары арыз берери күтүлүп жаткан экс-президенттин кызы Кыргызстанда жашаган жок деген негиз менен каттоодон алыныш ыктымалдыгы айтылып жатат. Бул округдан мурда шайланган депутат Айдар Акаев парламент ишине катышкан жок деген негиз менен мандатынан ажыраган.(BuS)