ЮНИСЕФ фондунун маалыматына ылайык, Европанын Түштүк-Батышындагы өлкөлөрдө болжол менен миллионго жакын цыган балдары эч кандай документке ээ эмес, андыктан медициналык көзөмөлдөн өтө албайт. Албания, Румыния жана Болгарияда цыгандардын 40 пайызынын балдары мектепке барбайт деп айтылат кечээ таратылган билдирүүдө.