Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

ОСМОН АРТЫКБАЕВ: ЭЛДИН ЭНЧИСИН ЖЕҢ ИЧИНЕН ИТБЕКЕРГЕ САТУУ-КЫЛМЫШ!


«Азаттыктын» маектеши ЖК депутаты Осмон Артыкбаев Ташкөмүр шаарындагы Кристалл заводунун мамлекеттик акцияларынын сатылып кеткендигинен чыккан жаңжал боюнча айрым байкоолорун, ой-пикирлерин бөлүштү.

- Ташкөмүрдөгү мурдагы жарым өткөргүчтөр заводу, азыркы Кристалл акционердик коомунун мамлекеттик акцияларынын пакети 65 млн. сомго жашыруун сатылды, сатылган жок, сатуу токтотулду деген карама-каршы маалыматтар чыгып жатты. Бул маселени иликтөө үчүн президент атайын комиссия түздү. Мамлекет өз колундагы акциялар эмне болуп жатканын билбейби? Бул эмне деген башаламандык, же рынок заманынын мыйзам ченемдүү көрүнүшүбү?

- Биринчиден, биздин Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ токтом кабыл алды. Аны биз кокустан билип калдык, чуркап барып, аябай талашып, туура эмес кылып атасыңар дебегенде бул билинбей акырын сатылып кетмек. Биз чуу көтөрүп, эмне үчүн мындай кылып атасыңар, 300-400 млн. доллар турган ишкананы бир жарым млн. долларга, эмне үчүн ит бекер арзанга кетип атат деп биз чуу көтөргөндө, кайра аркасынан токтом чыгарышты. Элден коркуп кетиштиби белгисиз, өзүлөрүнүн чечимин кайтарып артка алышты. Бул мамлекет тарабынан жасалган өтө начар иш. Элдин кызыкчылыгын ойлобой, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогонун билдирип коюп атат.

- Негизи сиздерде божомол барбы, кимдер алабыз деген бул ишкананы?

- Азыр төрт компания келиптир, төртөөнүн катталган убагы бир күн, бир саат. Дароо көрүнүп турат бул атайын уюштурулган иш экени. Орус жигит экен “Кант” деген фирманын өкүлү. Мына ошол жигитке ыйгарып берип атышат. Ал жигит жанына 20 чымыр денелүү жигиттерди коюп алыптыр. Ал айтат, “мунун бардыгы бизге караштуу, мыйзамдын чегинде алабыз, силердин колуңардан келбейт” деп.

- Келечекте мындай ишканалар акыры ээсин табыш керек да. Бирок маселенин баары мамлекет өз үлүшүн татыктуу өлчөмүндө ала албай жатканы болуп жатат да, туурабы?

- Туура. Ишкана сөзсүз ээсин табыш керек, бирок мындай жол менен эмес да. Мисалы, азыр бир жарым млн. долларга алат дагы, ошол ортомчу 50-60 же 100 млн. долларга сатат, андан алганы 200 млн.долларга сатат. Ушунун бардыгы мамлекетке түшпөй, ортодо жүргөн шылуун, ортомчулардын чөнтөгүнө түшөт. Бардыгы биригип алышып ушуну бөлүп алышат. Бул туура эмес. Бул элдин энчиси. Түздөн-түз казнага түшүрүп, ХИПКке кирбеген мамлекеттин карызын төлөшүбүз керек, элдин пенсияга жетпей аткан пенсиясын көтөрө турган маселени чечиш керек.

- Бул мамлекеттик мүлктү жекелештирүү программасына кирип, сатылуучу ишканалардын тизмесинде турчу да?

- Туура, демилге көтөрүп бул ишкананы биринчи тизмеге киргизгенбиз, сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин макулдугунун негизинде гана сатууга болот деп. Бирок бизге көрсөтпөй акырын жең ичинен сатып жибергенге аракет кылган биздин чиновниктердин тарабынан өтө кылмыштуулук деп эсептейм.

- Сатуу азыр убактылуу токтодубу?

- Убактылуу токтоттук деп кечээ чечимдерин чыгарды, бүгүн күтүп турабыз мындан аркы окуя кандай болот.

- Себеби мамлекеттик комиссия деген да түзүлгөн экен, алар сиздерге баары бир маалымат бериши керек да?

- Ооба.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG