Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

15:10 Үй бүлөсү өрттөнөөрүн жарыялаган жаранды Жогорку Сот актаган жок


Жаратылыш газын уурдап жакты деп эки жылга кесилген Александр Лихолетовдун жаза мөөнөтүн Жогорку Сот бүгүн сегиз айга азайтты. Буга чейинки отургандарын эске алганда Лихолетов эми дагы эки айдан ашык убакыт жаза өтөйт. Мындай чечимге макул болбогон «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулова Лихолетов Жогорку Сот ишти корпоративдик кызыкчылыктын чегинде карады деп билдирди. Кечээ айыпталуучунун жубайы күйөөсү акталбаса өзүн өзү өрттөөрүн жарыялаган. Анын айтымында, газ эсептегичтин жоктугуна газ бөлүштүрүүчү компаниянын инспектору күнөөлүү.

XS
SM
MD
LG