Анда губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун жасаган баяндамасына ылайык, 2006-жылы облустун киреше бөлүгү 103,3 пайызга, быйылкы январь-февраль айларында салык чогултуу 104 пайызга аткарылган. Былтыр салыктын 8 түрү орундалбай, өндүрүлбөгөн салыктардын көлөмү 66 миллион сомду түзгөн. Облустун бардык район-шаарларында жер салыгы толук топтолгон эмес. Жыйында депутаттардын, же жогорку кызматтагылардын салык төлөбөгөн, же аны жашырган ишкана-мекемеси, кафе-ресторан, мейманканасы, же чайканасы болсо, аларды маалымат каражаттары аркылуу ачыкка чыгаруу маселеси көтөрүлдү. Облбийликтин бөлүм башчысы Токторалы Момукеев 90-жылдардан бери облуста чогултулбай келаткан 260 миллион сомдук социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 114 миллион сомун өндүрсө боло тургандыгын айтты.(YA)