Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин айтымында, KG номерлерлүү унаалардын айдоочулары бул номердин артыкчылыгын пайдаланып, жол эрежелерин бузууга барып жатышат:
“Кайсы МАИ болбосун, KG номерин көрсө эле бул депутаттын, же министрдин автоунаасы деп, ал эреже бузуп жатса да токтотпойт. Эгерде мындай номерлерди алып салсак, бардыгыбыз бирдей болот элек”.
Алишер Сабиров жана Камчыбек Ташиев демилге көтөргөн бул токтомду депутат Болот Шернияз толук колдой турганын билдирди:
“Мен бул сунушту колдойм. Анткени учурда KG деген номерлер жүк ташыган КАМАЗдан баштап, "Запорожецке" чейин болуп калды. Номердин мындай сериясын кылмыш топтору колдоно баштаган. Менин оюмча, муну токтом эмес, мыйзам түрүндө кабыл алсак туура болот”.
Депутат Кубатбек Байболов KG номерлерди президентке, премьер-министрге, спикерге таандык унааларда гана калтырып, калгандары жалпы граждандык номерлер менен жүрүшү керек, деген сунушун айтты:
“Эгерде биз чынында эле койгон максатка жетели десек, “президенттен, премьер-министрден жана төрагадан башкасынын бары тең жалпы граждандык номер алып жүрсүн” деген токтом чыгарышыбыз керек.
Ал эми депутат Олег Журавлевдун айтуусунда, мамлекеттик номерлерди алып салганга жараша эч кимге артыкчылык бербей, бардыгынын номерлерин алмаштырыш керек:
“Сиз айтып аткан үч адам ансыз деле номери жок, герб менен бир нече машинанын коштоосунда жүрөт. Менин пикирим боюнча, алганга жараша , барынын тең номери алмаштырылышы керек”.
KG номерлерин киргизүү боюнча токтомду өкмөт кабыл алган. Ал эми мыйзамга ылайык, өкмөттүн токтомун президент гана жокко чыгара алат. Ошондуктан, депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, KG номерлерди алып салуу жөнүндө токтомду кабыл алаардан мурун, биринчи ирээт президент өкмөттүн токтомун жокко чыгарыш керек.
Депутат Мамытбай Салымбеков номерлерди жок кылуу үчүн, алардын ордуна жаңы номерлерди алуу үчүн канча каражат сарпталат деген маселени көтөрдү.
Камчыбек Ташиевдин айтымында, бардыгы болуп 500гө жакын номер алмаштырылат, орточо эсеп менен 500 миңге жакын сом каражат талап кылынат. ”Бул эми анча чоң акча эмес”,- дейт депутат.
Ошентсе да айрым депутаттар Камчибек Ташиев көтөргөн бул демилгеге ишенбестик менен мамиле кылышты. Маселен, депутат Авазбек Момункулов мамлекеттик номерлердин алынып салынышы абалды өзгөртө алаарына көзү жетпей турганын белгиледи:
“Мисалы Орусяда да ушундай артыкчылык менен күрөшү жүргөн. Алар атайын номерлерди жоюшту, бирок алардын ордуна башка ушул сыяктуу номерлер чыкты. Бул эч кандай жыйынтык берген жок. Президент менен өкмөт муну билбейт деп ойлоп жатасыңарбы? Эң сонун билет. Бирок алар ушунун барын көрүп туруп, унчукпай жүрүп аткандан кийин алар биздин чыгарган токтомубузду чымын чаккандай да көрбөйт жана аны аткарбайт” .
Эми бул токтомдун долбоорун кабыл алуу үчүн депутаттардын 38 добуш керек болот.