Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

“КРИСТАЛЛДЫН» ТЕКЕЙДЕН АРЗАН САТЫЛЫШЫНА ЭЛ ДА КАРШЫ


Парламент депутаттар Болот Шерниязов, Осмон Артыкбаев жана Арзыбек Бурканов азыркы бийлик коррупцияга жол берип, «Кристалл» ишканасын арзан сатуу фактысын ашкерелеп айтып чыккан. Карапайым калктын өкүлдөрү да бул ишкананын сатылышына байланыштуу кайчы пикирлерди айтышты.

Ташкөмүр шаарындагы «Кристалл» ишканасын сатуу фактысына байланыштуу жагдай коомчулукта кызуу талкууга алына баштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Шерниязов сесияда «Кристалл» ишканасы 65 миллион сомго сатылып жатат, ага тоскоол болууга күчүбүз жетпей калды” деп билдиргенден кийин өлкө атуулдары да бул окуяга кайдыгер карабай, өз пикирлерин билдиришти. Эмесе алардын пикирлерине чогуу назар салалы:

Гүлмира Самакова:-Мындай маалыматты депутаттар мамлекеттик акционердик коомду кечээ сатуу жараянынын жыйынтыгы боюнча билдирбегенде коомчулук билбей, кийин өкүнүп калмак. Бул маселени иликтеп бүткүчө ишкананы сатууну убактылуу токтото туруу керек.

Кубанычбек:- Мындай ири ишкана болгону 65 млн. сомго сатылып жатканы өтө өкүнүчтүү. Учурдагы бийлик мурдакы Акаевдин жолу менен баратат. Эл үчүн иштебей эле, “өз көмөчүнө күл” тартып, элдин мүлкүн сатууда.

Ташкөмүр шаарындагы Кристалл заводунун мамлекеттик акцияларынын сатылып кеткендигинен чыккан жаңжал боюнча Бишкектин тургундары айрым байкоолорун, ой-пикирлерин бөлүштү.

Асанбек:-Ташкөмүрдөгү мурдагы жарым өткөргүчтөр заводу, азыркы Кристалл акционердик коомунун мамлекеттик акцияларынын пакети 65 млн. сомго жашыруун сатылды, сатылган жок, сатуу токтотулду деген карама-каршы маалыматтар чыгып жатат. Бул маселени иликтөө үчүн президент атайын комиссия түздү. Мындай башалмандыктар качан токтоп, ишканалар эл үчүн иштейт?!

Айпери:- Биринчиден, Жогорку Кеңештин депутаттары кокустан билип калып, чуркап барып, аябай талашып, туура эмес кылып атасыңар дебегенде бул билинбей акырын сатылып кетмек. Алар чуу көтөрүп, эмне үчүн мындай кылып атасыңар, 300-400 млн. доллар турган ишкананы бир жарым млн. долларга, эмне үчүн ит бекер арзанга кетип атат деп чуу көтөрбөгөндө, президенттин жакын санаалаштарына сатылып кетмек.Булар элден коркпой калышты Бул мамлекет тарабынан жасалган өтө начар иш болуп, чыныгы жүзүн көрсөтүп коюшту. Элдин кызыкчылыгын ойлобой, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогонун билдирип коюп атат.

Чынара:- Ишкана сөзсүз ээсин табыш керек, бирок мындай жол менен эмес . Ушунун бардыгы мамлекетке түшпөй, ортодо жүргөн шылуун, ортомчулардын чөнтөгүнө түшөт. Бул туура эмес. Бул элдин энчиси. Түздөн-түз казнага түшүрүп, ХИПКке кирбеген мамлекеттин карызын төлөшүбүз керек, элдин пенсияга жетпей аткан пенсиясын көтөрө турган маселени чечиш керек.

Алмаз Кудайбергенов: -Сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин макулдугунун негизинде гана сатуу керек. Аукционго коюп, өзүнүн чыныгы баасын чыгарып, иштете алган кыргызстандык ишкерлерге гана сатуу зарыл. Бирок элге билгизбей, депутаттарга көрсөтпөй акырын жең ичинен сатып жибергенге аракет кылган биздин чиновниктердин тарабынан өтө кылмыштуулук деп эсептейм.

Бишкектик Бүркүталы Базаркуловдун көз карашында, мындай шартта энергетика тармактары да жең ичинен сатыла башташы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG