Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

ЫСЫККӨЛДҮКТӨР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕГИ ЖЕРДИ ЧАРЖАЙЫТ САТУУГА КАРШЫ


Ысыккөлдүн айланасындагы жайыт катары пайдаланылып келген жерлерди дыйкандар эми айыл өкмөтүнөн сатып алат. Жергиликтүү бийлик бул жаңы ыкма аркылуу алып сатарларга бөгөт коюлат дегени менен эл ага каршы болуп атат.

Көл жээктен алыс турган Өрүктү айылынын аймагында эс алуу жайлар жокко эсе болгондуктан жергиликтүү эл мал жанын көлдүн жака белине оттотуп, бул аймакты жайыт катары пайдаланып келген. Жыл сайын көлдөгү ошондой жерлер өкмөттүн уруксаты менен аукцион аркылуу сатылып, каражаты облуска кетип атканына нааразыланган Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы элге мындай түшүндүрмө берди:

- Көлдөн баштап токой жакка 300 метр жер аукцион аркылуу сатылды. Адегенде Өрүктү айыл өкмөтүнүн муниципалдуу менчигине өтсүн, андан кийин сатылсын дейт. Муниципалдык менчикке өткөндөн кийин сатканда акча айыл өкмөттүн счетуна түшөт экен. Ошондуктан менчикке өткөрбөй туруп сатсак анда акчанын бары облуска түшөт. Ошондуктан биз азыр документ даярдадык, - деген Чыңгыз Ногойбаевдин сөзү көпчүлүктөн колдоо тапкан жок. Анткени Өрүктү айылы айдоо аянттары менен тойго такалып көлдүн айласындагы жерлерден башка жайыт жер жок экени да айтылды:

- 300 метр жер жолго жетет. Ошондо жайыт жок болот. Биздин элдин жан багып атканы ошол. Ошону тактап бергиле. Акча айыл өкмөткө өтсө, силер сатам десеңер эл малын кайда багат? Башка жайыт жок, - деди ардагер Орозай Кубенов.

Чогулгандар айылдын аймагындагы Жылуусуу деген дарылык касиети бар булак дагы азыркы бийликтегилерге сатылып кеткенине нааразыланды.

Адам укугун коргоо боюнча комиссия мүчөсү Саламат Абдылдаев далилдегендей, Жылуусуу жайыт жерине тиешелүү болгондуктан ал ижарага гана берилиш керек эле:

- Экинчи, үчүнчү категория арендага берилиши мүмкүн. Мына ушул 59 гектар жерлердин барын аукционго коюп сатабыз деп турат. Жылуусуубузду алып документи туура эмес болсо дагы сатып атат. Муну биз кантип токтотобуз. Мурунку премьер министр Танаев туура эмес иштери үчүн өзү качып жүрөт. Эмне үчүн алардын токтомун азыр колдонобуз. Азыркы премьер-министрибиз эмне кылып жүрөт? - дейт дары суу чыккан булак Түп районунун акими Шаршеналиевге берилип кеткенин белгилеген Өрүктү айылынын тургуну Саламат Абдылдаев.

Ал эми анын айланасындагы жерлерди жергиликтүү элге гана сатуу ыкмасы жеңилдик деле алып келбейт дегендер буларга токтолду:

- Бир гектарды миң доллар деп койгон күндө дагы биз ала албайбыз. Ошон үчүн бул жерди колунда бардар алат дагы, колунда жоктор калат, - элдин жайыт үлүш жерлерин өздөрүнө акысыз берүү керек деген Жалил Карыбаевдин ушундай пикирине айыл өкмөт башчысы мындай жооп айтты:

- Документтер келгенден кийин өзүбүздүн айылга 10-20 сотыхтан сатабыз. Себеби өзүбүздүн айыл өкмөткө акча түшүш керек. Жөн үлүш катары бергенде эч кандай акча түшпөйт. Ал жерди башка бирөөгө берсек алардын чөнтөгүнө түшөт. Ошондуктан айыл өкмөтткө акча түшкөнгө аракет кылабыз, - деди Чыңгыз Ногойбаев.

Бул маселелер боюнча жергиликтүү бийликке кайрылганыбызда Ысыккөл районунун акиминин орунбасары Дамир Моңолдоров, көл жээктеги жерлерди айыл өкмөттөрдүн менчигине өткөрүү чечими өкмөткө сунушталганын билдирди.

XS
SM
MD
LG