Кол салуу Хилла шаарынын жанында, миңдеген зыяратчылар Кербала шаарына Арбаен диний майрамын белгилөө үчүн бара жатканда болгон. Эки жан кечти зыяратчылардын катарына кошулуп, өздөрүн жардырып жиберген. Ушул эле күнү бомбанын жардыруусунан тогуз америкалык жоокер мерт кетти.
Иракта кечээ бери дегенде токсон шиит зыяратчылары курман болуп, жүз элүүдөн ашуун адам оор жараат алды