Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

«КУМТӨР» ҮЧҮН КҮРӨШ АЛДЫДА


Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча Камеко корпорациясы менен жаңы Башкы макулдашуу түзүүнү көздөп жатат. Мунун максаты алтын кенинен Кыргызстанга пайданы көбөйтүү экендиги белгиленүүдө. Ал эми өлкөдөгү айрым саясатчылар Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу маселесин көтөрүүдө.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кумтөрдө дагы 731 тонна алтын бар. Аны 2026-жылга чейин иштетүүгө болот. 1997-жылдан бери канадалыктар Кумтөрдөн 181 тонна алтын казып алышкан.

Өкмөттүн маалымдоосуна караганда, кыргыз тарап Камеко менен сүйлөшүү демилгесин көтөрүп, анын жүрүшүндө жаңы Башкы макулдашуу жана концессия жөнүндө келишим түзүүгө жетишүүнү көздөөдө. Бул сүйлөшүүлөрдүн максаты жөнүндө геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Владимир Зубков «Азаттыкка» буларды билдирди:

"Өкмөт Кумтөр долбоорунан көбүрөөк пайда көрүүнү көздөп жатат. Азыр так сандар жөнүндө айтыш кыйын. Бирок Камеконун кээ бир маселелер боюнча биздин сунуштарга көнүп жатканы жакшы нерсе. Тактап, кыскараак айтканда, Камеко акцияны бөлүштүрүүдө, Центерра салыкты көбүрөөк төлөөдө биздин сунуштарга көнүүдө. Бирок буга чейин болгон жолугушуулар сүйлөшүү эмес. Алар алдын ала жолугушуулар. Чыныгы сүйлөшүүлөр премьер-министр, же президент деңгээлинде болот".

Биринчи вице премьер министр Данияр Үсөновдун айтымында, Кумтөрдү толук мамлекетке кайтаруунун зарылдыгы жок. Эгерде мындай аракет башталса, анда Жерүйдөгүдөгүдөй кырдаал кайталанышы ыктымал. Ошондуктан келишимдерди кайра карап чыгып, алдыга жылыш керек деп эсептейт биринчи вице премьер министр.

Ал эми өлкөнүн тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев өкмөт Камеко менен Кумтөр боюнча сүйлөшүүдө тажрыйбалуу тоо кенчилерди тартпай жатат деп айыптап, бул катачылыктардын кайра кайталануусуна алып келет деген оюн айтты. Анын айтымында, Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу максатка ылайыктуу. Бул үчүн 2003-жылда Центерраны түзүү жөнүндө келишимди жокко чыгаруу керек:

"Кумтөрдү толук биз алышыбыз керек. Кыргызстан өзү иштетиш керек. Канадалыктардын 30% өзүндө калсын. Ошол 30% менен ишке катыша берсин. Ошону менен эски Башкы макулдашууда каралган тартип кала берет"

Орозбек Дүйшеевдин айтымында, бул үчүн мыйзам жол берет. Анткени 2003-жылы Танаевдин өкмөтү парламенттин тыюу салган эки токтомуна карабай мыйзамсыз түрдө Центерраны түзүүгө барган.

Маалым болгондой алтын кендеринин иштетилиши боюнча дээрлик он айдан бери депутаттык комиссия иштеп жатат. Комиссия Кумтөр маселеси боюнча бир жактуу пикирге келе элек. Алардын айрымдары Центерра түзүлгөнгө чейинки абал калыбына келтирилиш керек деген пикирде. Комиссия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков мына ушундай пикирде:

"Биздин пикир дал ушундай. Элдин байлыгы элдин колунда болуш керек. Ал жерде алтындан башка канча көптөгөн биздин байлыктар бар. Демек, алтын да, калган байлыктар да, завод-фабриканын үчтөн-экиси Кыргызстандыкы болуп чыгыш керек".

Депутаттын айтымында, учурда өкмөт мурунку келишимдерде мыйзамдар сакталбаганын мойнуна алып, тийиштүү документтерди комиссияга берип жатат. Ошондуктан азыркы шартта жуурканды ар ким өзүнө тартпай, өкмөт менен комиссиянын бирдиктүү иштөөсү маанилүү.

Ошентип, Кумтөр үчүн күрөш күч алууда. Анда кыргыз тараптын бир жагы 70% үлүштү кайтаруунү көздөсө, өкмөт Кыргызстандын үлүшү көбөйтүлүш керектигин бир жактуу белгилеп, бирок ал канчага экенин так айта элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG