Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

ИШТЕГЕНДЕРДИН ТЕҢИ АЯЛДАР, БИРОК КИРЕШЕСИ АЗ


Былтыркы жылы дүйнөдөгү бардык жумушчулардын тең жарымын аялдар түздү. Бирок алардын маяналары жана кирешелери эркектер иштеп тапкандан алда канча аздык кылат. Эл аралык эмгек уюму аялдардын майрамы алдында жарыялаган докладда ушундай маалыматтар айтылат.

Эл аралык эмгек уюмунун маалыматтарына ылайык, көңкү дүйнөдө иштеген бардык 2,9 миллиард кишинин тең жарымы былтыр аялдар болду. Мунун өзү болжол менен 1 миллиард 200 миллиондон ашуун аял ар түрдүү жумуштар менен арпалышты, жеке ишмерлик кылышты же маяналуу кызматтарга жетишти дегенди билдирет. Бирок алардын кирешелери эркектер тапкандан дале аздык кылат.

Докладды даярдаган авторлордун бири Доротея Шмидт бу маселеде айрым дурус жылыштар байкалганын, бирок алар өтө эле кашаң арымда болуп жатканын белгиледи. Аялдар эркектерден калышпай,алар аткарган иштердин баарын жасап жатышса да дүйнөнүн көп жеринде аларга начар жумуш шарты түзүлөт, эркектерден аз акча табышат.

Иштеген жалпы аялдардын 48 проценти маяна же зайыр акы алышат. Алардын саны мындан он жыл мурда 43 процент эле. Ал эми өз алдынча иштеген аялдар жарытпаган пайда табышат же дегеле киреше алышпайт.

Аялдар арасында өз алдынча ишкерлик кылгандардан айлык төлөнгөн жумуштарда иштегендер саны илээлеп болсо да өйдөлөп баратканын Шмидт кыз-келиндердин эркиндиги кеңейип жатканын билдирген көрсөткүч деп эсептейт. Дүйнөдөгү бардык жумушчу аялдардын теңине жакыны маяна жана акы төлөнгөн иштерге жетишкен абал түзүлдү. Мунун өзү чоң кадам болду, бирок бул дүйнөнүн байгер аймактарында гана байкалган көрүнүш. Ал эми түштүк Азия, Африка сыяктуу жакыр региондордо маяналуу жана акы төлөмө иштерге жетпеген аялдардын үлүшү кескин көбөйдү.

Докладда дагы бир терс тенденция белгиленет. Иштегиси келген аялдардын көбү адатта жумушсуз калат. Аялдардын арасындагы жумушсуздар былтыр 6,6 процентти түздү. Эркектер арасындагы бул көрсөткүч 6,1 процентке барабар болду.

Эл аралык эмгек уюму дүйнөлүк өкмөттөрдү аялдарга иштөө үчүн жакшы шарт түзүү маселесине,бу жагынан аларга жардам көрсөтүүгө биринчи кезекте көңүл бурууга чакырды.

Аялдарды жумуш жана иш менен камсыз кылуу дүйнө жүзүндө гендерлик теңдикке жетишүүдө, жакырлыкты азайтууда өзгөчө маанилүү фактор.Бирок бу чөйрөдө дагы узак жол басуу керек болот, дейт эл аралык эмгек уюмунун башкы директору Хуан Сомавия.

XS
SM
MD
LG