Кыз- келиндер деле пенде катары бош убакыттарын өздөрү каалагандай, пайдалуу өткөрүүгө акылуу. Кыргызстанга таанымал айымдар, экс жана учурдагы министрлер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер бош убактыларын кандай өткөрүшөт?! Алар эмнеге кызыгышат?
Жаш кезинен бери ырга шыктуу өлкөнүн Конституциялык сотунун төрайымы Чолпон Баекова көңүлүнө жараша тойлордо обон созуп ырдап коет.
Ысыккөл облусунун мурдакы губернатору, Кыз- келиндер партиясынын жетекчиси Токон Шайлиева бош убактысында гезит - журнал окуурун айтат.
Ошондой эле өлкөнүн Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Өктөмкан Абдуллаева, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова, коомдук жана мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова, экс-депутаттар Шарипа Садыбакасова, Токтокан Боромбаева, “Атуулдук коом - коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова сыяктуу сымбаттуу айымдар бош убактыларында китеп окуп, эрмек кылышаарын айтышты.
Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова жаш кезинде дзю-до күрөшү менен машыкса, учурда өлкөнүн кыз-келиндер футболу ассоциациясынын президенти. Футболчу кыздарды колдоого алып, кээде аларга кошулуп футбол ойногон учурлары болот.
Ал эми “Эл ынтымагы” социалдык-демократиялык партиясынын төрайымы, экс-министр Роза Акназарова учурда да бош убактысында чыгыш өнөрү айкидо менен машыгаарын айтып, 5-кю даражасы бар экенин билдирди.
Кыргыз улуттук университетинин профессору, философия илимдеринин доктору, экс-депутат Рахат Ачылованын айтымында, эже бош убактысында курулуш иштери менен алектенгенди жактырат.
Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажыбекова жаш кезинде сууда сүзүү, жеңил атлетика менен машыккандыктан көлдө эки-үч саат сүзөө алаарын айтып, “мончого баруудан рахат алам” дейт.
Кыргызстандын Шериктеш өлкөлөр жана Евразия экономикалык кызматташтыгы уюмундагы өкүлү Ишенгүл Болжурова бош убактысында китеп окууну адат кылып, көркөм сүрөттөрдү кароодон тажабайт.
Жакында эле Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы болуп шайланган Айчүрөк Эшимова он небересин эркелетип, “алар менен кошо ырдап, сүрөт тартып, сайма сайганды үйрөтөм” деп, күлөт.
“Интербилим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын айтымында жаш кезинде велосипед тепкенди, ат мингенди жакшы көрчү. Учурда ал бош убактысы болгондо китеп окуп же сатиралык теле берүүлөрдү көрүүнү жактырат.
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Сагын Акматбекова ыр жазуудан сырткары учурда унутулуп баратып, кайра колго алына баштаган куракчылык өнөрдү сактап калууга аракет кылып атканын айтып, бул эң жакшы эрмек экендигин айтат.
“Туңгуч” театрынын жетекчиси, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова бош убактысында китеп окуп, “көркөм кино тасмаларды көрүүдөн тажабайм”- дейт.
Ал эми Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Майрамкан Абылкасымованын эрмеги- гүл өстүрүү, жаратылыштын кооздугуна суктанып сейилдөө.
Эмгек синирген артист, ырчы Майрам Дүйшекеева бош болсо эле ашкананы, үйдү жууп тазалап, даамдуу тамак-аш жасоону артык көрөт.
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын эрмеги- шахмат ойноо.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Айнура Ибраимова бош убактысын тигүү жана даамдуу тамак-аш жасоо менен өткөрүүнү артык көрөт.
“Айданек” гезитинин негиздөөчүсү Токтайым Үмөталиева гүл өстүргөндү, тоого чыгып сейилдегенди жакшы көрөт.