Совет өкмөтүнүн мамлекеттик бийлик түзүлүшү 1921-жылдын 8-мартында (8-16) башталган РКП (б) X съездинде аныкталган. Партиялык жыйын «Улуттук маселедеги партиянын кезектеги милдеттерине» арналып, советтик автономиялык системанын курулушу жүзөгө ашырылды. Партиялык Резолюцияда партиянын негизги милдеттеринин бири катары, орус эмес артта калган калктардын абалын Борбордук Россия деңгээлине жеткирүү талабы коюлду. Орус эмес калктардын улуттук турмуш шартына жараша мамлекеттик курулушту чыңдоо; улуттук тилдеги сот, администрация, чарба органдарын, бийлик кызматын куруп, аларды өнүктүрүү; улуттук тилдеги маалымдоо каражаттарын, мектеп, театр, маданий мекемелерди өркүндөтүү; эне тилдеги мектеп жана профессионалдык-техникалык билим берүү тармагын жайылтуу маселеси белгиленген.
Кыргыз Автономиялык Областынын дыйкан-батрак аялдардын I областтык курултайы 1925-жылдын 8-мартында ишин аяктады. Курултайга Кыргызстан аймагынан 105 делегат дайындалып, жыйын Пишпек шаарында өткөн. Күн тартибине аялдар арасында жүргүзүлчү иш аракет жана андагы партиянын орду талкууланып, кыз-келиндерди пионер менен комсомолдун катарына тартуу, Совет жана «Кошчу» бирикелерине активдүү катыштыруу маселеси көтөрүлдү. Мындан тышкары, эл аралык проблемалар тегерегинде пикир алмашылып, айыл-кыштакта жана аялдар арасында саясий үгүттөө ишин активдештирүү, эскинин калдыктарын жою, сабатсыздыкка каршы чечкиндүү күрөшүү маселеси негизги талап катары коюлду.
Кыргызстандагы биринчи аялдар клубу 1925-жылдын 8-март күнү Каракол округундагы Талдысуу айлында уюшулган. Клубда мектеп, медициналык консультация иштеп, делегат аялдар менен кызматташып аларды клуб ишмердигине тартуу аракети жүргүзүлгөн. Жергиликтүү кыргыз кыз-келиндери драмалык ийрим ачышып, элдик кол өнөрчүлүктү аркалап жүргөн уздар үчүн атайын артель уюштурушкан.Талдысуудагы клуб аялдардын башын коштуруп эле тим болбостон, жергиликтүү дыйкандарга практикалык жардам көрсөтүп да турган.
Кыздардын профессионалдык-техникалык мектеби 1924-жылдын 8-март күнү Пишпек шаарында салтанат менен ачылды. Профессионалдык-техникалык мектепке Кыргызстандын айыл-кыштактарында жашаган кыздар окутулуп, алар республикадагы биринчи адистешкен билим алып, аны практика менен айкалыштырууга жетишишикен.
Бу күнү, 1932-жылы акын Сулайман Маймулов, 1934-жылы атактуу манасчы Уркаш Мамбеталиев, 1938-жылы жазуучу Асанкадыр Эсенканов, 1941-жылы жазуучу Токтош Абдиева жарык дүйнөгө келген.