Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

ДЕМ АЛЫШ КҮНДӨРҮ БАГДАДДА ИРИ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛӨТ


Нарын АЙЫП, Прага Дем алыш күндөрү Багдад шаарында Ирактагы кризис боюнча ири эл аралык конференция өткөрүлөт. Ага Иран менен Сириянын өкүлдөрү да катышууга тийиш, ошондуктан конференция алкагында АКШ менен Иран дипломаттары ортосунда эки тараптуу жолугушуу уюштурулушу мүмкүн.

Конференцияга Ирактан тышкары негизинен анын кошуна мамлекеттери жана Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө болуп кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат. Бирок бардык байкоочуларды - жыйындын алкагында АКШ менен Иран өкүлдөрү ортосунда жолугушуу болобу жана эгер болсо, анда эмне маселелер талкууланат деген нерсе кызыктырууда.

Конференцияга Тегеран катышаары жөнүндө 7-мартта Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки билдирди жана ИРНА маалымат агенттиги кабарлаганга караганда, өлкө өкүлчүлүгүн Моттакинин орун басары Аббас Арагчи жетектеп барат. АКШ тараптан болсо Багдадка мамлекеттик катчынын жардамчысы Дэйвид Саттерфилд жана Ирактагы америкалык элчи Залмай Халилзад келээри күтүлүүдө. 2004-жылдын ноябрында Мисирдин Шарм-эл-Шейх шаарында Ирак боюнча өткөн конференциядан бери Иран менен АКШ өкүлдөрү расми түрдө жолуккан эмес.

Ирактын ички иштерине кийлигишип жатат деп акыркы мезгилде Вашингтон Тегеранды катуу күнөөлөп келет жана Мамлекеттик катчылыктын өкүлү Шон Маккормактын айтымында, эгер Багдадда эки тараптуу жолугушуу болсо, анда Ирак маселелери гана талкууланат. Вашингтондун пикиринде, Иракта бир жылдан бери күчөп келаткан диний аралык кагылышууларды Тегерандын кийлигишүүсү улам ырбатууда жана андан тышкары ирандыктар Ирактын шийилерине аскерий жана акчалай да жардам көрсөтүүдө.

Февралда Түркияда Ирандын коргоо министринин мурдагы орун басары Али Реза Аскари жоголуп кетти жана "Вашингтон пост" гезити билдиргенге караганда, аны Батыш чалгындоо кызматтары уурдап кеткен сыяктуу. Январда болсо Ирактын түндүгүндөгү Эрбил шаарындагы Ирандын консулдугу деп аталган имаратта иштеген беш адамды америкалык аскерлер кармап кеткен. Андан тышкары Ирандын өзөктүк программалары менен байланыштуу дагы Вашингтон менен Тегеран ортосундагы мамиле өтө чыңалган.

Айрым эксперттердин пикиринде, Ирактагы суннилер менен шийилер ортосундагы кагылышуулар ич-ара согушка айланып кетиши мүмкүн, ошондуктан 3-мартта Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Сауд Арабияга барып, падыша Абдулла ибн Абдел Азиз ибн Сауд менен жолукканда, андай кагылышууларды токтотуш керек деп сүйлөшүлдү. Сауд Арабиянын калкы сунни мусулмандары.

Багдаддагы конференция дагы ошол максатты көздөйт: "Бул конференция - региондо жайгашкан мамлекеттер арасында диалог баштоого негиз түзүш керек жана анын натыйжасында регионалдык жарашуу менен кызматташуу башталып, Ирак өкмөтүнө андан колдоо болот деп биз күтөбүз", - дейт Ирак премьер-министри Нури ал-Малики.

АКШ Конгресси тарабынан түзүлгөн атайын комиссия дагы декабрда ири отчет жарыялап, Ирактагы абалды жөнгө салуу үчүн Вашингтон Иран жана Сирия менен сүйлөшүүгө барыш керек деп чыккан. Анткен менен АКШ жетекчилиги Сирияны дагы - Иракта согушуп жаткандарга аскерий жардам көрсөтүүдө деп күнөөлөп келет. Дүйнө маселелерин Вашингтон бир тараптуу, өзү билгендей чече баштады деп АКШны Маскөө да күнөөлөй баштады жана Багдад конференциясына Орусиянын Ирактагы элчиси Владимир Чамов катышат.

XS
SM
MD
LG