Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

БАКИЕВДИН БАШЫН САЛАҢДАТКАН КИМ?


"Куловдун кетиши менен бийлик аябай алсырады. Менин пикиримди укканда президент баш болгон Акүй чиновниктеринин абалы башкача болмок. Ал эми Д.Үсөнов Акүйдүн кайсыл кабатында баратпасын астынан чыккан улуу адамдарга салам бербейт. Акчанын күчүнө чиренип, көзүн май басып кетти",-деп айтты «Агым» гезитинин кабарчысы менен курган маегинде КР президентине караштуу адам укугу боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун. Белгилүү укук коргоочу сөзүн андан ары улантып, өткөндө чуу болгон «матрешка-гейт» боюнча Жаныш Бакиев президенттин башын катуу салаңдатканын, эми ал өз талапкерлигин Отуз Адырдан депутаттыкка кое турган болсо, агасы Бакиевди эл алдында дагы бир ирет жаман абалга түшүрүп коерун, муну менен азыркы бийлик Акаевдан ашып түшпөгөнүн далилдерин айткан.

Гезит мындан тышкары «Данияр Үсөновдун дагы бир калпы» деген макаланы «Кыргызстан авиакомпаниясынын» учкучтарынын президент Бакиевге кайрылган каты менен кошо жарыялады. Макалада Д.Үсөновдун жубайы Динара Исаеванын «Итэк-Эйр» авиакомапниясына тишеси бардыгы тууралуу сөз болот.

«МСН суббота» гезити ушу тапта талкуунун чордонуна айланып аткан көп аял алуучулукка карата ойлорун сурап кайрылганда, этика жана маданият борборунун деректири, ажы Өзбек Чотонов, өзүнүн эки аялы барын, Куран 4 аял алууга уруксат берерин, юрист Гүлнара Искакова, көп аял алуучулук деген байыркы айбан түспөл адамдардын үйүр-үйүр болуп жашаган ташдооруна мүнөздүү көрүнүш экендигин, муну президент менен Жогорку Кеңеш тез арада токтотушу керектигин, Токон Шайлиева айым, мындай зөөкүр мыйзамды айрым атка минерлер менен депутаттар колдоп атканын, ал башында турган «Жаңы күч» партиясы көп аял алуучулукка каршы турарын, Юстиция министри Марат Кайыпов, көп аял алуучулукка каршы мыйзамды оңдоп, тескерисинче ага уруксат берген мыйзам кабыл алуу зарылдыгын, кыргыздар 70 жыл ичинде көп аял алуу сыяктуу ырым-жырымдары менен салттарынан ажырап калганын айтып жооп берген.

«Жаңы ордо» гезити чуу боло баштаган 300 миң доллар тууралуу сөз кылып, жакында эле өзүнүн биринчи орунбасары болуп жүргөн Данияр Үсөновду пара берген деп айтып чыгуунун ордуна убагында тыйып кое албаган Куловдун түштөн кийин баарын оңдоймун деп фронт түзгөнү курусун, деп жазды.

Ушул эле пара темасына кайрылган «Жаңы кылым» гезити экс-өкмөт башчы Д.Үсөновдун бетин ачуу менен бийликтин үч бутагына тең көө жаап жатканын, эгер мындай окуя батыш өлкөлөрүндө болсо, Башпрокуратура тарабынан дароо кылмыш иши козголмогун, президентти баш, калгандарын каш кылып туруп суракка алмагын, а биздин Башпрокуратура эмгиче үн каталектигин белгилөө менен, эгер чын эле Кулов ушул оозеки айткандарын материалдар аркылуу далилдеп калса кандай болот, деп суроо коет да, анда Акүйдүн 7-кабатында «жер титиреп», мөөнөтүнөн мурда парламенттик, президенттик шайлоого барышыбыз да мүмкүн деп жазат гезит, «Бомбабы жеп петардабы?» деген макаласында.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Прага
XS
SM
MD
LG