Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ «КРИСТАЛЛ» ЗАВОДУН САТУУДАН ЧЫККАН ЖАҢЖАЛДЫ ТЕРИШТИРҮҮДӨ


Жогорку Кеңеш бүгүн Ташкөмүр шаарындагы «Кристалл» ишканасынын мамлекетке таандык акциясынын сатылып кеткен окуясын кароого киришти. Депутаттарга бул маселе боюнча биринчи вице премьер-министр Данияр Үсөнов маалымат берип, “Кристалл” ишканасын сатуу иштери токтотулганын билдирди. Ишкананын мамлекетке тийиштүү акцияларын сатуу боюнча операция өткөрүлгөн, бирок ал аягына чыккан эмес. Анткени, сатылган акциялар боюнча тийиштүү мөөрлөр коюлган эмес. Тийиштүү органдар сатыктын өткөрүлгөндүгү тууралуу чечим кабыл алган эмес. Ошондуктан бул ишкананын тагдыры парламенттин чечимине жараша чечилет. Өкмөт да бул маселени өзүнчө карайт, деп билдирди биринчи вице- премьер-министр Данияр Үсөнов.

XS
SM
MD
LG