Программанын алкагында Кыргызстанда өз тармагында белгилүү жыйырма аял, жыйырма студент кызга насаатчы болот. Насаатчылык - улуу муундун өкүлдөрүнүн кийинки муунга кеп-кеңеш берүү ыкмасы болуп эсептелет. АКШда мындай ыкма кеңири колдонулуп келет. Бул иш-чараны Кыргызстандагы АКШ элчилиги менен Борбор Азиядагы Америка университети биргелешип уюштуруп жатат. Уюштуруучулар, жаш кыздардын иш жолунда жакшы кеңешчинин болуусу маанилүү экенин белгилешет жана мындай программаны Кыргызстанда кеңири жайылтуу ниеттери бар. (EBM)