Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:09

17:15 ЖАЛАЛАБАТ. Жалалабат облусунда ит капкандар, бруцеллез оорусуна чалдыккандар көп болууда


Облустун Алабука районундагы беш айылдын 27 тургунун кутурган жолбун ит каап алган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, кутурма оорусунан алдын алуучу эмдөө жасалды. Облустук санитардык эпидемия кызматынын ушундай билдирүүсүнө ылайык былтыр кутурма оорусунан Алабука жана Аксы райондорунда үч бала өлгөн. Бирок, адамды тиштеген иттердин 62 пайызы белгилүү болсо да, дейди иттерди жок кылуу бригадаларын уюштуруу начар абалда. Облустук бийликтин билдиришинче Аксы жана Алабука райондорунда 150 ит атып өлтүрүлгөн. Бирок, ок дары жана курал жарак жетишсиз болууда. Бруцеллез оорусунун көбөйүүсүнө оору малдарын союп, же сатып ийген, болбосо, бодо мал, кой-эчкилерин убагында эмдетпей, текшертпеген адамдардын өздөрү да күнөөлүү, деп айтты, губернатордун орунбасары Жаныш Курбанов.
(YA)

XS
SM
MD
LG