Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:30

17:16 «Азамат» авто базарынын башкы директору Сокулук райондук акиминин орун басары Алмаз Абдырамановду сотко бергени жатат


Бул туурасында аталган автобазардын жетекчиси Элвира Сурабалдиева «Азаттыкка» билдирди. Маалым болгондой 3- март күнү Элвира Сурабалдиева маалымат жыйын өткөрүп, анда 2-март түнү 30 чакты чымыр денелүү жигиттер “Азамат” базарына таандык автоунаалар токтоочу жайды басып алып, айдоочулардан 80 сомдон ижара акы чогултушкан. Ал эми алар бул иш Сокулук райондук акимчилигинин буйругу менен аткарып жаткандыгын айтышты, деп билдирген эле. Андан көп өтпөй 6- март күнү Сокулук райондук акиминин орун басары Алмазбек Абдыраманов жогорудагы билдирүүнү четке каккан. Анда бир катары жалган маалыматтар айтылгандыктан, эми бул маалымат сот аркылуу териштирилет, деп билдирди Э.Сурабалдиева.
(JJ)

XS
SM
MD
LG